Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттары бүгүн мандаттарын алышты. БШКнын төрайымы Клара Кабилова биринчи депутатык күбөлүктү «Ак жол» партиясынын тизмесинде экинчи турган Адахан Мадумаровго тапшырды. Депутаттык мандатты Социал-демократиялык партиянын өкүлдөрүнөн Бакыт Бешимов биринчи болуп келип алды. БШКнын соңку чечими боюнча парламенттеги 90 орун “Ак Жол” партиясынын (71), социал-демократтар (11) жана коммунисттердин (9) арасында бөлүштүрүлдү.