Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

17:54 Укук коргоочу Максим Кулешов мыйзамсыз акция өткөрдү деп айыпталып кармалды


Укук коргоочу Максим Кулешов бүгүн шайлоонун жыйынтыгына каршы «Мен ишенбеймин» деген аталыштагы акцияга катышаары туурасында маалымдаган. Бирок акция башталганга чейин эле тартип коргоо органдары укук коргоочуну кармап кетишкен. Учурда ал милициянын убактылуу кармоочу жайында. «Тартип коргоо органдары мени ур- токмокко алды, учурда башым катуу ооруп жатат» деди, М.Кулешов «Азаттыкка» берген маегинде. Укук коргоочу 7- декабрь күнү «Абайлагыла, коррупция өтө жугуштуу!» деген аталыштагы мыйзамсыз акцияны өткөргөн жана тартип коргоо органдарына каршылык көрсөттү деп күнөөлөнүүдө. Ушул жылдын 7- декабрында ал УКМК, ИИМ, Өкмөт үйүнүн жана Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын имараты өтө коррупцияланган деп баалап, коомчулукту коррупция менен күрөшүүгө чакырган акцияны уюштурган. (JJ)

XS
SM
MD
LG