Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Аба ырайы: Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 21-декабрда кар жаайт


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 21-декабрда күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас, Жалалабат, Ош, Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3 градус.
Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5 градус.
Ош, Жалалабат, Баткен аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...+5 градус.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...+4 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз -3... +2 градус болот.
Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5, күндүз -1...+3 градус.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG