Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:28

TIME “ЖЫЛДЫН АДАМЫ” ДЕП ПУТИНДИ АТАДЫ


Америкалык Тime журналы “жылдын адамы” деп Россиянын президенти Владимир Путинди атады. Редакциялык коллегиянын бул чечимин түшүндүрүп, журналдын жооптуу катчысы Ричард Стенгел өлкөнү башкаруу ишинде Путин артыкча чеберчилигин көрсөткөнүн, Россияны башаламан кырдаалдан баракат абалга жеткиргенин белгиледи. Ошол эле учурда, Стенгелдин айтымында, Путиндин тушунда адам укуктары жана басма сөз эркиндиги чөйрөсүндөгү жагдай кыйла начарлап кетти.

“Жылдын адамы – ардактуу наам эмес,сыйлык да эмес, популярдуулук жагынан жарыш да эмес, - деп айтты журналдын жооптуу катчысы Стенгел. – Бу болгону быйылкы жылы дүйнөлүк окуяларга жаман же жакшы мааниде таасир тийгизген адамды аныктоо жөрөлгөсү”.

Стенгел Путинди өз өлкөсүнө дүйнөлүк супердержава статусун кайта алып берди деп эсептейт.Ошол эле учурда аны “жаңы орус падышасы” катары сыпаттады. “Аны жарандык эркиндиктер түйшөлпөйт, сөз эркиндиги менен да анын иши жок, Путин ушул мааниде алганда кооптуу”,- деп кошумчалады Стенгел.

Бул окуяга байланыштуу журналдын “Эркиндиктен тартип абзел” деген макаласында Путин ”реформатор болобу же Россияны репрессиялардын дооруна кайтарган автократка айланабы, муну алдыдагы он жылдыктар көрсөтө” турганы айтылат.

Кремлдин басма сөз кызматынын өкүлү Дмитрий Песков Тime журналынын чечими Москвада куш кабар катары кабыл алынганын ырастады. АКШ президентинин басма сөз катчысы Дана Перино бул жаңылыкты комментариялагандан баш тартты. Болгону ал “Путин азыркы тарыхтагы өтө табышмактуу ишмерлердин бири экенин” гана белгилеп өттү.

Путин өзү Тime журналынын кабарчысына берген интервьюсунда көңүл-көкөйүндө турган айрым ойлорун агынан жарылып ортого салды. “Соңку жылдары бизди Батыштын цивилизацияланган үйбүлөсүнө алгыбыз келет дегендей кептерди айтышат. Бирок, биринчиден, эмне үчүн силер өз цивилизацияңарды гана эң мыкты деп чечтиңер? Дүйнөдө америкалык цивилизациядан алда канча байыркы, көөнө цивилизациялар бар. Экинчиден, капыялап, кулагыбызга шыбырап: “Биз силерди кабыл алганга даярбыз, бирок эсиңерде болсун,биз патриархалдык үйбүлөбүз, бул жерде биз агалык кылабыз, андыктан биз эмне айтсак, силер ошону угушуңар керек,” – дегендей мааниде каңкуулашат. Азыркы дүйнөдө мындай мамиле болууга тийиш эмес”, - деп айтты Путин.

“Биз эч кимге команда бергибиз келбейт, дүйнөгө үстөмдүк кылып, өз чечимин таңуулап турган супердержава да болгубуз келбейт,- деп улантты Путин.- Бирок биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн керектүү күчкө эгедер болууну, коңшулар, негизги өнөктөштөр менен жакшы санаалуу мамиле түзүүнү, өнөктөштөр Россиянын өнүгүшүнө жана чыңдалышына кызыкдар болушун каалайбыз”.

Тime журналы өз тарыхында ар кандай ишмерлерди жылдын адамы кылып жарыялаган. Алардын арасында Франклин Рузвельт, Адолф Гитлер, Иосиф Сталин, Никита Хрущев, Лех Валенса, Билл Клинтон, АКШнын азыркы президенти Жорж Буш, Ирандын биринчи диний лидери аятолла Али Хомейни жана башка белгилүү адамдар болгон.

XS
SM
MD
LG