Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

21-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Семипалатинск округдук начальниги 1824-жылдын 21-декабрында кыргыз элчилигин Омскиге жөнөткөндүгү туурасында билдирген. Сырткаспий казак атчандар бригадасынын командири кыргыздардын ичара мамилеси жана Шабдан баатырдын абалы туурасында баалуу маалымат калтырган.

Семипалатинск округунун начальниги 1824-жылдын 21-декабрында кыргыз элчилигин Омскиге жөнөткөндүгү туурасында областтык начальник С. Б. Броневскийге билдирүү жолдогон. Округдук начальник кыргыз элчилиги Алгазы Шералин, Алымбек Жапалаков, Акымбек Олжобаевдер экендигин жана аларды Шербек, Токтогул, Мамбет, Бекбай аттуу жигиттер коштоп жүргөндүгүн кабарлаган. Кыргыз элчилигине мында татыктуу сый көрсөтүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар жасалып, алардын кем-карчын толуктай турган акча каражат сарпталган.

Сырткаспий казак атчандар бригадасынын командири 1895-жылдын 21-декабрында кыргыздардын ичара мамилеси жана Шабдан баатырдын абалы туурасында баалуу маалымат калтырган. Анын кабарына караганда орус административдик кызматына тартылган кыргыздар ата теги жана мурдагы мансабына карабастан манаптар менен теңата болуп чыга келген. Ал эми, кызмат тийбеген манаптар тескерисинче, катардагы кыргыздар менен теңелип калган. Анткен менен Шабдан баатыр башка кыргыз жакшыларынан теги жана кадыр-баркы менен айырмаланып турган, деп кабарлайт бригадалык командир.

Кыргызстан аймагындагы жер-суу реформасы 1927 жана 1928-жж. жүргүзүлгөн. Ал үчүн башында агитациялык иш жасалып, жер-суу реформасынын маани, маңызы түшүндүрүлгөн. Ар бир волостко үгүттөө тобу жиберилип, алар айыл-кыштактарда саясий иштерди алып барышкан. Анын натыйжасында бай-манаптардын жери ортого алынып, коллективдүү менчик түрү аныкталган. Жалалабад кантонунда эле 1927-жылдын 21-декабрында 18 байдын, бир соодагердин чарбасы талкаланып, 4000 танап жер ортого алынган.

Мурда Советтер Союзуна кирген Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина мамлекет башчылары 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында чогулушуп, Шериктеш мамлекеттердин биримдигин куруу туурасында келишимге кол коюшту. Келишим азербайжан, армян, беларусь, казак, кыргыз, молдова, орус, тажик, түркмөн, өзбек жана украин тилдеринде жазылып, анын түп нускасы Беларусия өкмөтүндө сакталышы белгиленген. Кыргызстан тараптан келишимге президент Аскар Акаев кол койгон.

Кыргызстандагы 2000-жылкы президенттик шайлоодон кийин, күн тартибине жаңы өкмөт курамын куруу маселеси коюлган. Президент Аскар Акаев парламентке мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев менен Чүй областынын губернатору Курманбек Бакиевдин талапкердигин көрсөткөн. Парламенттик жашыруун добушта Чүй областтык губернатору арбын добуш топтоп, 2000-жылдын бу күнү К. Бакиев өкмөт башына келген.

Бу күнү, 1898-жылы атактуу химиктер Пьер жана Мари Кюрилер радийди ачып, 1639-жылы француз драматургу, классицизм өкүлү Жан Рассин, 1773-жылы шотланд ботаниги Роберт Броун, 1804-жылы англис саясий ишмери Бенджамин Дизраэли, 1879-жылы Совет мамлекетин 30 жыл башкарган Иосиф Виссарионович Сталин, 1937-жылы таанымал америкалык артист Джейн Фонда, 1934-жылы таанмал жазуучу Өскөн Даникеев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG