Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаилова жети күнгө, Назгүл Турдубекова беш күнгө камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаардык Биринчи май райсоту бейшембиден жумага караган түнү чыгарды. Исмаиловага жана он беш адамга милицияга баш ийбеген жана мыйзамсыз акция уюштурган, делип айып тагылууда. Райсоттун судьясы Алмаз Молдобаев жана милиция кызматкерлери менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок.

Кечээ түшкө маал Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанынан «Мен ишенбейм!» акциясынын он бешке чукул катышуучуларын милиция кызматкерлери кармап, убактылуу кармоочу жайга жеткиришкен. Алар менен кошо акцияга байкоо жүргүзгөнү барышкан укук коргоочулар «Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар» бирикмесинин лидери Токтайым Үмөталиева,«Атуулдук коом коррупцияга каршы» укуктук борбордун башчысы Төлөкан Исмаилованы жана укук коргоочу Назгүл Турдубекованы алып барып камашкан. Аларга коюлуп жаткан айыптар тууралуу адвокат Сартпай Жайчыбеков буларга токтолду:

Он алты адамга «милиция кызматкерлерине баш ийбеген, мыйзамсыз акция уюштурган»,- деп айып коюлуп административдик жоопкерчиликке тартылды.

Кармалган он алты адамга карата сот жарым түнгө чейин жүргүзүлдү. Кармалгандардын укугун коргоп, таламын талашканы барган «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында:

Милициялар Токтайым Үмөталиеваны кармап атканда колун чыгарып алышыптыр, ошол үчүн ага 700 сом айып пул салып чыгарып жиберишти. Гүлшайыр Абдырсуловага беш жүз сом айып пул салган. Төлөкан Исмаиловга 7 сутка. Калгандарына 5 суткадан берди.

Бишкек шаардык Биринчи май райсотунун судьясы Алмаз Молдобаев алты адамды жети күнгө, беш адамды беш күнгө камоого, калгандарын акчалай айып тартууга чечим чыгарган. Укук коргоочулардан башкалары жыйырманын тегерегиндеги жаштар. Сот менен тартип коргоо кызматкерлеринин иш аракеттери мыйзамсыз дейт жактоочу:

Бул элди коркутуу үчүн жасалган аракет. Аксы окуясы дагы ушинтип башталган болуучу. Эл мындан коркпой тургандыгын бийлик такыр түшүнбөйт экен. Бул барып турган мыйзам бузуучулук. Чеги жок мыйзам бузуучулук. Акаевдин учурунда да ушундай мыйзам бузуулар болгон эмес. Эч кандай Конституциялык соттук териштирүү болгон жок. Милиция менен сот сүйлөшүп алышып өз билгениндей сот кылышты. Бул түркөйлүк.

Жайчыбеков белгилегендей, бийлик адамдарды күч менен коркутуу үчүн ушундай мыйзамсыз иштерге барууда.

Бишкек райсоту жана милиция кызматкерлери менен байланышууга эч бир мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун «Мен ишенбейм!» акциясынын катышуучуларынын камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, муну менен алардын Конституциялык укугу бузулууда деп «Азаттыкка» билдирген.

Кечээ БШК алдына шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык билдирип чыккан “Ата Мекен”, “Замандаш”, “ Жашылдар” партияларынын жана “Жебе”, “Дилгир”, “Эркин муун” жаштар уюмдарынын он беш чакты адамын тартип коргоо кызматкерлери мэриянын токтому боюнча ал жерде пикет өткөрүүгө болбойт деп түшкө маал кармап кетишкен болчу.
XS
SM
MD
LG