Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

08:46 Бейшембиден жумага караган түнү Биринчи май райондук соту 16 жаранды сот жообуна тартты


Алардын катарында укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Токтайым Үмөталиева, Назгүл Турдубекова, Гүлшайыр Абдырасулова жана студенттер бар. Булардын ичинен Төлөкан Исмаилова 7 күнгө, калгандары 5 күнгө эркинен ажыратылышты. Токтайым Үмөталиевага 700 сом, Гүлшайыр Абдырасуловага 500 сом айыппул салынды. Соттук териштирүү ИИМдин Бишкектеги убактылуу кармоочу жайында өтүп, ишти судья Алмаз Молдобаев алып барды. Акциянын катышуучуларына шаардык кеңештин нааразылык акцияларын тартипке келтирүү жөнүндөгү чечимин аткарган жок, милицияга баш ийген жок деген кине коюлду. Кечээ парламенттик шайлоо тыянактарына нааразы жаштар БШКнын алдына экинчи ирет «Мен ишенбейм» деген ураан менен пикетке чыгышкан. Милиция аларды дароо убактылуу кармоочу жайга алып барып камаган. Алардын катарында «Франс пресс» агенттигинин кабарчысы Толкун Наматбаева жана «24 kg» агенттигинин кабарчысы Айзада Кутуева да камакка алынып, милиция аларды кийинчерээк бошотуп жиберген. Кечээ Биринчи май райондук соту укук коргоочу Максим Кулешовду 5 күнгө камакка кести. (BuS)

XS
SM
MD
LG