Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Грузияда президенттике талапкер Бадри Патаркацишвилиге козголгон кылмыш иши токтотулду


Грузияда президенттике талапкер, оппозиция лидерлеринин бири Бадри Патаркацишвилиге ноябрда оппозициянын митинги учурунда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген кине коюлган болчу. Патаркацишвилинин шайлоо штабынын жетекчиси Валерий Гелбахиани “эгерде оппозиция лидери чет өлкөдөн мекенине кайтып келсе, бийлик ага карата жаңы кылмыш ишин козгоп калмакка алышы мүмкүн”,-деген тынчсыздануусун билдирди. Эл аралык укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму жана Эл аралык кризистик топ өткөн айда оппозиция митингин күч менен тараткан үчүн грузин бийлигин сындап келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG