Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

11: 11 Илим Карыпбеков: “Мен ишенбейм” акциясына чыккандар башка жол менен барса болмок


“Медиа өкүл” институтунун башчысы Илим Карыпбековдун айтымында Бишкек шаардык мэриянын белгилүү гана жерде массалык иш чараларды өткөрүү тууралуу чечими мыйзамсыз.” Мэриянын чечими Конституцияга дагы башка эл аралык келишимдерге дагы төп келбейт. Бирок буга карабастан чечим чыккан соң, “Мен ишенбейм” нааразычылык иш чарасына чыккандарды кармап кетүүгө милициянын укугу бар. Андыктан жаш саясатчылар менен укук коргоочулар алгач мэриянын чечимин жокко чыгаруу арызы менен жергиликтүү сотторго кайрылса болмок. Эгерде алар арызды канааттандырбай койсо, анда БУУдагы адам укугу боюнча комитетке кайрылса, алар сөзсүз түрдө бул маселени оңунан чечип бермек. Ал гана эмес, Кыргызстанга чоң эскертүү жасашмак”,- дейт И. Карыпбеков.(AiJu)

XS
SM
MD
LG