Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

18:05 Ошто парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жоко чыгарууну талап кылышууда


Ош шаарында беш партиянын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, байкоочулар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жолдошту. Бул туурасында “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун Оштогу борборунун директору Алима Шарипова “Азаттыкка” 21-декабрда кечке маал маалымдады. Анын айтымында чыгып сүйлөгөндөр 16-декабрдагы парламенттик шайлоодо административдик ресурс ачык колдонулгандыгын, элдин пассивдүүлүгүнөн пайдаланып топ-топ бюллетендер үкөккө ташталгандыгын, добуштарды эсептөө да эбегейсиз бурмалангандыгын билдиришти. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзылдаев Жогорку Кеңешке шайлоону жокко чыгарууга негиз жоктугун, процесстин жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар катталбагандыгын эске салды. (АТо)

XS
SM
MD
LG