Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

ВАШИНГТОН: КЫРГЫЗСТАНДА ДЕМОКРАТИЯЛУУ ШАЙЛОО БОЛГОН ЖОК


АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы парламенттик шайлоолор жөнүндө сындаган жана тынчсызданган билдирүү таратты. Билдирүүдө 16-декабрда Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоодо административдик ресурс саясий максатта пайдаланылып, оппозициядагы партияларга тоскоолдук чоң болгону айтылат. Буга чейин президент К. Бакиев парламенттик шайлоо Кыргызстанда мурдакыдан таза жана демократиялуу болду деген баасын жар салган болчу.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти таркаткан билдирүүдө Кыргызстандагы шайлоолор административдик ресурсту колдонуу менен коштолуп, оппозициялык партияларга көп тоскоолдук болгону баса белгиленген.

“Кошмо штаттар 16-декабрда Кыргыз Республикасында болгон шайлоолор кандай өткөндүгү жөнүндө олуттуу тынчсызданууда. Биз шайлоого байкоочуларды катыштыруу жана катышкан талапкерлер боюнча болуп жаткан жакшы жактарын белгилегенибиз менен биздин баабыз көз каранды эмес байкоочулардын алдын-ала билдирген маалыматтары жана корутундулары менен көп жагынан дал келет. Мисалы, ЕККУнун байкоочулары бул шайлоодо Кыргыз Республикасы өзүнө алган милдеттенмелерге жооп бербегендигин жана оппозициялык партияларга көп тоскоолдуктар жасалып, сяасий максатта административдик ресурстар пайдаланылгандыгын белгилешкен. Шайлоо процессинин эрежелеринин так болбогондугу, добуштарды саноодо кеңири жайылган мыйзам бузуулар, добуш бергендердин саны жөнүндө көбөйтүлгөн маалыматтар, добуш берүү алдында шайлоочулардын тизмеден чыгып калышы жана участкалык комиссиянын протоколдорунун өзгөртүлүшү ачык жана демократиялык шайлоолорду өткөрүүгө тоскоолдук болду,"- деп айтылат Кыргызстандагы шайлоолор жөнүндө АКШнын Мамлекеттик департаменти таркаткан билдирүүдө.

Буга чейин президент К. Бакиев Кыргызстандагы парламенттик шайлоо мурдагыларга караганда алда канча таза жана демократиялуу өттү деген баасын жар салган. Шайлоо мыйзамдын чегинде, эл аралык нормаларга ылайык ачык-айкын өткөнүн, ага жыйырма миңден ашуун байкоочу, алардын ичинен алты жүзгө жакын эл аралык байкоочу көз салып турганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова дагы билдирген.

16-декабрда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгында бийлик колдогон “Ак Жол” партиясы алдыга чыгып, парламенттеги 90 орундун 71 алды. 11 орун социал-демократтарга, 8 орун коммунисттерге тийген. Бирок жалпы добуштардын саны боюнча экинчи орунда келаткан оппозициялык “Ата Мекен” партиясы бир аймакта талаптагыдай добушту алган жок деген негизде парламентке өтпөй калды. "Ата Мекен" партиясынын жактоочулары жана жарандык уюмдардын өкүлдөрү шайлоодо массалык мыйзам бузуулар болуп, добуштар бурмаланды деп өлкөнүн бир катар аймактарында нааразылык акциясына чыгышууда. Алар шайлоонун жыйынтыгы бийликтин кызыкчылыгында бурмаланганы үчүн шайлоону мыйзамсыз деп таанып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат. Бирок алардын сөзүнө азырынча бийлик тарап кулак салбай келет.

Кубат Чекиров, Бишкек

XS
SM
MD
LG