Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

ЖАШ ШАЙЫР АБДИБАЛИ


“Атама тең, андан да ашкан уул болсом”,– деп ак эткенден так этип, ата өнөрүн улап келаткан жаш шайырлардын бири – Абдибали Акимбеков.

Ал Оштун алыскы Чоңалайынын Кызылэшме айылында белгилүү ырчы-аткаруучунун үйбүлөсүндө жарык дүйнөгө келип, ыр менен оозанып, ыр бешикке бөлөнөт. Атасы Буркандын ырдаган ырлары, черткен күүлөрү Абдибалинин руханий жан дүйнөсүнө гүл азык болот. Абдибали ал күндөрү жана устаттары жөнүндө мындай дейт:

- Кыргыз калкынын канына сиңген атадан балага, устаттан шакиртке өткөн ата бабалардан калган ырчылык улуу өнөр. Менин атам Буркан менен мектеп босогосун аттагандан кошо ырдап жүрүп, ак батасын берип, ыр дүйнөсүнөн тушоомду атам кескен эле. Андан кийинки устаттарым Оштун борборунда ачылган филармонияда иштеген төкмө акын Рысбек Тасмаев, Султан Боролдоев, айтылуу төкмө акындар Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев болушту десем жаңылышпайм.

- Абдибали мырза, өзүң айткандай ыр дүйнөсүнөн алгачкы жолу тушооңду атаң кесиптир. Атаңдын ырдаган ырларынан бир-эки шиңгил таштап койсоң?

- Жакшы болот. Эми атамдын алп акыныбыз Байдылда Сарногоевдин сөзүнө чыгарган “Жашай бер кыргызым” аттуу ыры бар. Обону атамдыкы.

“Жашай бер кыргызым”

Кыргызым бүтпөс ырысым,
Кыялбас кызыл туумсуң,
Сан жагың чакан болсо да,
Сапатын менен улуусуң.
Сан жагың чакан болсо да,
Ошол сапатың менен улуусуң.


Элденбиз ушул жердеген,
Теңесем эч ким келбеди,
“Манастай” эпос жараткан,
Айтчы бар бекен сендей эл деги.
“Манастай” эпос жараткан,
Айтчы бар бекен сендей эл деги.

- Абдибали мырза, азыр эле ак таңдай акындар Ашыраалы Айталиевдин, Эстебес Турсуналиевдин, Тууганбай Абдиевдин баталарын алдым деп айттың. Алгачкы жолу ысымдарын атаган төкмөлөрдүн кимисине жолуктуң эле?

- Ошто филармония жаңыдан ачылган эле. Ошондо Алай жергесине алгачкы жолу гастролго чыкканбыз. Барсак Кыргыз филармониясынын залкар шайырлары да концерт берип жүрүшүптүр. Өмүр бою өчпөй турган бир окуяны айта кетейин. Күндүзү айыл аралап концерт беребиз. Кечинде мейманканага келгенде бөлмөдө ырдайбыз. Эртеси таңга маал мен жаткан бөлмөгө дамбад кийген кадырман карыя кирип келди. Көрсө Ашыраалы Айталиев экен. Ал отургучка отуруп: Эй балам кечинде ырдаган сен белең – деди. Менмин дедим. Ошондон ырдачы деди. Ошондо мен атам үйрөткөн улуу комузчу, обончу Атай Огомбаевдин “Ой булбул” аттуу ырын ырдап бердим.

Ой булбул
(Сөзү , обону Атайдыкы)

Ой булбул, кериле басып түрлөнүп,
Келишкен гана эле жыпар гүлдөнүп,
Кейишке эле мынча не салдың,
Ой булбул, ой булбул
Сен, булбул керимапан үндөнүп!

Күйдүрөсүң булбул кара көз,
Күйгөндөн сизге айткан сөз
Шаттыктын көөнү көркү деп,
Шаңданган курбум эркин деп.

- Абдибали, Ашыкеңе Атайдын “Ой булбулун” ырдап берип, баасына татыгандан кийин төкмө акындардын республикалык сынагында ат салышыпсың. Ошондо ким менен айтыштың эле?

- Залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин туулган күнүнүн 60 жылдыгына карата чоң айтыш болуп калды. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу төкмө акын Сапарбек Касымамбетов менен айтышка түштүм. Андан кийин Барпы акебиздин шакирти Тайырбек Сатыбалдиев , 1994-жылы ак таңдай акыныбыз Тууганбай Абдиев менен айтыштым. Мен ушундай алп акындар менен айтышка түшкөнүмдү бактылуумун деп эсептейм.

- Абдан жакшы. Эми ошолор менен айтышкандагы эсиңде калган саптар барбы?

- Сапарбек Касымамбетов аксакал менен айтышка түшкөндө атабыз амандашып келип оштуктардын баарысына коон, дарбыз сатып жатасың тигиндей мындай деп эле согуп атат. Кезек өзүмө келгенде өзбек, кыргыз бир тууган. Алатоодой ак калпакты аталар кийген кастарлап. Пайгамбар баскан, Акбуурасы аккан жерден келип турам деген саптар алиге чейин эсимде жүрөт. Тууганбай абам менен айтышка түшкөндө Атабегимди, Чоңалайды айтып, анан Ооганстандан, Пакистандан көк нар келип жатканын айтып чымчылаганда. О Туке аман болсун балдарың. Бул жердин көрүп жүрөм чалдарын, көк нар Бишкекке келип калганын, дегендей саптар элес булас эсимде.

- Абдибали мырза, азыркы өзүң менен замандаштар менен айтышуу менен бирге өтүп кеткен залкар төкмөлөрдүн терме, санат, насыят, алым сабак ырларын да ырдайт экенсиң?

- Өзүңүз билип, көрүп, угуп жүргөндөй түштүк диалектисинде айрыкча Барпы атабыз бүтүндөй чыгармаларын комуздун коштоосусуз ичкилик кыргыздардын обонунда ырдоочу экен. Улуу Барпы акын менен Бала ырчы Сыдыктын айтышынан үзүндү айтып берейин. Бир чоңдо Бала ырчы Сыдык менен Барпы жолугушуп калат. Ошондо Барпы Бала ырчы Сыдыкты беттеп:

Азамат көрөт ар ишти
Сары болуш алдында
Барпы менен Бала ырчы
Экөө бүгүн таанышты.
Бала ырчыны билчү элем,
Даңкыңды угуп жүрчү элем,
Укканымча бар экен,
Тарбиялап өстүрсө
Боло турган бала экен.
Башынын жүнү кам (кем) экен
Жагжаңдаган кал (таз) экен
Шул айыбы бар экен дегенде,

Сыдык:

Атактуу ырчы экенсиң,
Атагың чыккан сен дагы
Барпы ырчыны көрсөм деп
Эңсечү элем мен дагы
Башымдын айтып айыбын
Адаштың бир аз сөзүңдөн
Ажырап калган экенсиң
Барпы аке акактай тунук көзүңдөн – деп жооп кайтарыптыр.


- Мына азыркыдай залкар төкмөлөрдүн алым сабактарын ырдоо менен бирге боордош казак шайырларынын ырларын да ырдайт экенсиң.

- Курманжандын 180 жылдык мааракесине карата Казакстандан Калбүбү Караева деген эжекебиз келиптир. Ошол эжекебиз кыргыздын жерине, элине, кыздарына суктанып “Алтынай” деген ыр жазыптыр. Обону болсо казак композитору Куралайдыкы. Ошол ырды концерттерде ырдап жүрөм.

Алатоонун маралы
Жылдызындай убагы
Алтын сенин садагаң
Алтындан да баалуу
Ии-ии-ии- Алтынай.
Алтынай арман ай,
Бары дартка калганай
Сендей кызды көрбөдүм
Тагдырымды салганбы ай,
Кош асманың айланып.

- Чоң ырахмат Абдибали. Албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Айдан аман, жылдан эсен болуп, элиңдин эрмеги болуп жүрө бер.

XS
SM
MD
LG