Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

OРУСИЯДАГЫ МИГРАНТТАРДЫН БАШКЫ МАСЕЛЕСИ ЖАҢЫ ВИЗА ЭРЕЖЕЛЕРИ БОЛЧУДАЙ


Муса Мураталиев, Москва Орусия Федерациясына келген чет элдик атуулдар үчүн бир ирет же эки ирет өлкөгө кирүүгө жана бардыгы 1 айдан 3 айга чейин бул өлкөдө жүрүүгө уруксат бар. Андан сырткары көп жолу келип кетип турамын дегенге 1 жылга чейин уруксат берилет. Эми жаңы эреже боюнча Орусия жеринде үзбөй жүрүүгө чет элдиктердин 180 күн жана ошончо түн уруксаты болот. Бул катарга туристтер, ишкердик менен жүргөндөр жана тезинен ишке орношуп кеткен мигранттар киришпейт. Өлкөдө жумушчу орундары дээрлик ээленгедиктен 2008-жылдан тартып ири шаарларда мигранттарды ишке алуу кескин кыскара тургандыгы айтылууда.

Орусиянын федералдык миграция кызматынын деректири Константин Ромодановскийдин айтымында, кирип келаткан 2008-жылда конок ишкерлер саны быйылкыга салыштырганда үч эсеге азаят. Үстүдөгү жылы квота боюнча 6 миллион адамды ишке алуу каралса, келаткан жылы Орусия 2 миллион гана конок жумушчуну иш менен камсыз кыла алат. Ири шаарларда абал андан да тартыш болот, маселен Маскөө үчүн квота алты эсеге кыскартылган. Ушунун баары 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирип аткан мигранттарды жаңыча каттоого алуу эрежесинен улам болуп атканын айтышууда.

Ошого карабай мигранттардын Орусияга келүүсү уланып атат. Быйылкы жылы 20 миллион киши келгени такталган. Туруктуу агылып келип аткандар Кытай, Украина жана Тажикстан жарандары экендиги дайын. Быйылтан тартып келгин жумушчулардын күчүн арзан пайдалануу Орусияга пайда алып келери айтыла баштады. Ромодановскийдин журналисттер алдында айткан пикирине келсек, чет элдик конок жумушчулардын 1 миллиону эле казнага төгүүчү салыгы бир жылга алып эсептей келгенде 42 жарым миллиард рублейге жетет.

Орусиянын федералдык миграция кызматынан келгиндердин көбү каттоодон өтүп турат. Быйыл 7 миллион 300 миң чет элдиктер каттоодон өтүшкөн, бирок алардын 2 миллион 300 миңи гана ишке орношуп, калганы кайда кеткенин билдирбей жоголушкан. Ошондуктан келгиндерди тейлөөчүлөр: «Кыргызстандагыдай, биздин өлкөгө келе жаткан коноктун кайдан иштээрин алдын-ала өз өлкөсүндө кезинде эле билип келгени жакшы жөрөлгө болууда»,- деп Кыргызстанды аташат.

Виза берүү эрежесинин катуу тартипке салынышында бийликтин ички саясий жагдайды, анын жардамы менен теске салсам дымагы жатат дешет. Жакында четке барып келаткан жеринен кабарчы Наталья Морарды аба учак майданы «Домодедоводон» кармап, Молдовага чыгарып ийүү ушундай дымактан улам болду дешет. Чет өлкөлүктөрдү ичтен чыгарып ийүү Орусиянын федералдык миграция кызматынын колунан келсе да, ал жолу журналист Морарды өлкөнүн атайын кызматы буюруп, чыгарып ийген. Анализчилер мунун түздөн-түз Кремлдин көргөзүүсүнөн улам жазалганын белгилешет. Көрсө ал журналист анын алдында жогорку бийликтегилердин былыгын чукуган макала жарыялаган экен.

Анализчилер чөйрөсү болсо чет элдиктерге виза берүүдөгү жаңылык – мындан аркы ФСБнын кимди өлкөгө киргизүү жана кимди киргизбей коюу кадамы болот дешет.
«Адам укугу үчүн» уюмдун лидери Лев Пономаревдун айтымында, жаңы мыйзам жыл жакасынан тарта күчүнө кирет делгени менен мындай жорук кыйладан бери жазалып калган:

- Жакында эле Улуу Британиядан келген ири юрист Бил Баурингди да, Астраханда жетелеп барып учакка олтургузуп, өлкөдөн айдап ийишти. Туристтик виза менен жүрүп акча таапсың деген кине коюшту. Чындыгында ал алакан акысы жок эле семинарда чыгып сүйлөгөн. Ал мындан 7 жыл мурда да туристтик виза менен келип семинарга катышты эле, бирок ал жолу эч ким эч нерсе деген эмес.

XS
SM
MD
LG