Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:43

14:55 “Мен ишенбейм..” акциясынын катышуучуларын бошотууну талап кылгандарга “Замандаш” партиясы да кошулду


Партия бүгүн тараткан билдирүүдө айтылгандай, шайлоонун жыйынтыгына карата пикирин билдирген элди тартип сактоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин минтип күч менен басышы коомчулуктун кыжырына тийип, коомдун чыңалуусуна гана алып келет. Ал эми “Мен ишенбейм..” нааразылык чарасынын катышуучуларынын өтө тездик менен соттолушу, алардын укугунун тебеленип жатышы –өлкөдөгү шайлоодон кийинки саясий кырдаалдын татаалданышына гана өбөлгө түзөт, деп билдирген “Замандаш” партиясы бийликтен мыйзамсыз камакта жаткандарды бошотууну талап кылган.
“Мен ишенбейм..” акциясынын ушул тапта камакта жаткан катышуучуларынын арасында “Замандаш” партиясынын жаш канаты “Дилгир” кыймылынын да мүчөлөрү бар. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG