Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

16:15 “Ата Мекен” партиясынын арызы боюнча сот иши эртең уланат


Биринчи май райондук соту сотко берилген документтер менен таанышуу үчүн эртеңкиге чейин тыныгуу жарыялады. Бүгүнкү сот жараянында “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Ош шаардык шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматтары менен БШКга берген маалыматы дал келбей жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары 16-декабрда саат 18:08 болгон учурда эле “Ата Мекен” үчүн берилген добуштар 0,5 пайыздык чектен ашып түшкөн. Партиянын юристи Эрик Рыскулбековдун белгилөөсү боюнча Ош шаарындагы 82 шайлоо участогунун 81инен алынган маалымат боюнча шайлоо күнү кечки саат 18:00де “Ата Мекен” үчүн берилген добуштар 0,62% түзгөн. БШКнын сотко катышып жаткан өкүлдөрү Ош шаардык шайлоо комиссиясынын алгачкы маалыматтары юридикалык күчкө ээ эмес деген бүтүмүн билдиришти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG