Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

18:00 “Мен ишенбейм..” чарасынын катышуучуларынын ишин Бишкек шаардык соту караганы жатат


Укук коргоочулардын, саясий партия өкүлдөрүнүн жана президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун кийлигишүүсү менен бүгүн кечке жуук “Мен ишенбейм..” акциясынын камактагы катышуучулары Бишкек шаардык сотуна апкелинип, учурда соттун башталышын күтүп атышат. “Асаба” партиясынын жооптуу катчысы Анарбек Кайназаровдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча эртең мененки саат 11ден бери камактагылар менен жолугушууга коомчулуктун өкүлдөрү жана адвокаттар киргизилген жок. Адвокаттар жарандык кодекстин 598-беренеси боюнча апелляциялык арыз берилген учурдан тартып, камактагылар бошотулууга тийиштигин белгилешүүдө.
“Мен ишенбейм..” акциясынын он үч катышуучусу камакта. Кечээ алардын айрымдары күчтөп коомдук ишке салынганы кабарланган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG