Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

20:40 Жалалабаттык шайлоочулардын айрымдары БШКга кайрылуу жиберди


ЖАЛАЛАБАТ. Кайрылууда алар бир нече шаар, райондордогу добуш берүүлөрдү кайрадан эсептеп чыгууну, шайлоону мыйзамсыз деп таанууну талап кылышты. Аталган талаптар аткарылбаса ачкачылык акциялары кайра улантылып, райондук, облустук бийликтердин алдында митингдер уюштурулат. Андан да майнап чыкпаса Ош-Бишкек унаа жолун тосоорун эскертишти. Бул тууралу “Ата мекен” партиясынын Базаркоргондогу өкүлү Кубатбек Артыков билдирди. Райондук Кеңештин пикири боюнча шайлоону мыйзамсыз деп таанууга негизги далилдер жок. Ал эми “Ак жол” партиясынын облустук бөлүмү шайлоодо административдик ыкмалардын колдонулгандыгын четке какты. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG