Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

Пакистанда полиция элүүдөн ашык кишинин өмүрүн алган жанкечти чабуулун ким уюштурганын иликтеп жатат. Пешавардын жанындагы мечиттеги жардыруу исламчыл согушкерлердин колунан келди деп болжолдонууда.

Түндүк-батыш чек ара провинциясынын Чарсадда ооданындагы мечитте чогулган момун мусулмандар кечээ курман айтты белгилеп жатышкан. Ошол тапта жанкечти 1 миңдей кишинин арасында өзүн жардырып жиберди. Чогулгандардын арасында Пакистандын мурдагы ички иштер министри Афтаб Шерпао да бар болчу, жанкечти ошону бутага алган шекилдүү, бирок Шерпаонун уулу жарадар болуп, өзү аман калды.

Бул Шерпаону бутага алган акыркы сегиз айдагы экинчи жанкечти чабуулу болуп калды. Шерпао президент Первез Мушарафтын жакын шериги катары таанымал. Ал жакында таркатылган өкмөттө исламчыл согушкерлер менен күрөштү тейлеген.

Шерпаонун жан сакчысы, жаракат алып, азыр ооруканада жаткан Жавед Хан жардырууну Ройтерс агенттигине мындайча сүрөттөп берди:

- Жанкечти мечиттин дубалынан секирип түшүп, зыяратчылардын катарына кирген деп жатышат. Жардыруудан кийин зыяратчылар бүт сулап калышыптыр, көбү ошол жерден жан берди. Бир жаш бала "жардамга" деп жалынып жатканы азыр да көз алдымда турат. Мен ага жардам бере алган жокмун, себеби өзүм да жарадар болчумун. Ал бала кусуп жиберип, анан кете берди.

Чабуулдан кийин Чарсадда ооданында бир киши кармалды. Өз билдирүүсүндө президент Мушараф коопсуздук күчтөрүн бул "канкор" чабуулдун уюштуруучуларын табууга буйруду. Президент "момун мусулман мындай канкорлукка барууну ойломок да эмес" деп айтты.

Чабуулду талибчил күчтөр уюштурду деп болжолдонууда. Өкмөт кийинки кездери Ооганстан менен чек аралаш аймактарда талибдерге каршы операциясын күч алдырган.

Июл айында Исламабаттагы радикалдардын Кызыл мечитинен куралчан согушкерлерди чыгаруу операциясынан кийинки зордук-зомбулуктарда жүздөгөн киши, анын ичинде көптөгөн аскерлер курман болду.

Жума күнкү жардырууда жээнинен ажыраган дин студенти Фавад Хан жанкечти чабуулдарынын көбөйүп кеткени үчүн өкмөттүн терроризмге каршы саясатын күнөөлөдү.

Анын аралыгында, АКШнын коргонуу катчысы Роберт Гейтс Пакистандын Ооганстан менен чек арасындагы алыскы аймактарда ал-Каида согушкерлери күчтөрүн кайра топтоп, Пакистандын өкмөтүнө жана өкмөт аскерлерине каршы чабуулдарга даярданып жаткандыгын эскертти:

- Ал-Каида учурда жүзүн Пакистанга буруп, пакистан өкмөтүнө жана пакистан элине чабуулдарга басым жасап жаткан шекилдүү.

Гейтстин сөзү боюнча, Кошмо Штаттары Пакистан армиясынын козголоңчуларга каршы күрөшүнө дагы кошумча көмөк көрсөтүүнүн жолдорун караштырып жатат.
XS
SM
MD
LG