Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

08:15 Ачкачылык кармаган он төрт аял кечээ ачкачылык акциясын токтотушту


Ачкачылык кармаган аялдардын бири Нуржамал Байболованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аталган акциянын максаты бийликтин көңүлүн эмес, эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналган. “Биз өзүбүздүн максатыбызга жеттик, ошондуктан ачкачылыкты токтотууну чечтик”, дейт Нуржамал Байболова. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон он төрт аял “Ата Мекен” партиясынын борбордук штабында ачкачылыкты төрт күн кармашты. Ошондой эле Нурмажал Байболованын айтымында, аялдардын саламаттыгы начарлап кеткендигине байланыштуу дарыгерлер ачкачылыкты токтотуу зарылчылыгын айтышкан. (MSu)

XS
SM
MD
LG