Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

Өтүп бараткан жыл саясий окуяларга бай болду. 2006-жылдын соңундагы конституциялык реформалардын таасири менен жыл башында Феликс Куловдун өкмөт башчылык кызматтан кетүүсү саясий кырдаалдын курчушуна, андан кийин оппозициянын таасиринин азайышына алып келди. Жыл башында ургаалдуу башталган саясий жараян жыл соңунда парламентти таркатуу, референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алуу жана акыр аягында жаңы парламенттик шайлоо менен жыйынтыкталды.

Быйылкы жылдагы саясий окуялар оппозицияны көчөдө калтыруу, 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин жетишилген ар кандай саясий акцияларды ээн-эркин өткөрүү укугунун кысымга алынышы менен жыйынтыкталып отурат. 16-декабрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыныгы оппозициялык маанайдагы «Ата мекен», «Асаба», «Арнамыс» партиялары Жогорку Кеңешке жолотулган жок. Алардын таламын талашып, шайлоонун акыйкат өткөнүнө күмөн санап, өз пикири менен көчөгө чыккан атуулдарды сот менен кысымга алуу күч алды.

Өлкөдө мына ушундай кырдаалдын түзүлүшүнө бийликтин канчалык салымы, оппозициянын катачылыгынын канчалык тиешеси бар? Муну талдоо үчүн алгач, быйылкы жылдагы урунттуу саясий окуяларга назар салсак.

2007-жылдагы саясий окуялар 2006-жылдагы олуттуу саясий митингдердин, анын натыйжасында жүргүзүлгөн конституциялык реформалардын күчтүү таасири менен өнүктү.

2006-жылы декабрда кабыл алынган Конституцияга президент Курманбек Бакиев 15-январда кол коюуп, андан кийин түшүнүксүз саясий оюндар менен Феликс Кулов өкмөт башчылык кызматтан кетти. Президент Фелис Куловду өкмөт башчылыкка кайрадан бекитүүгө январь айында парламентке эки жолу талапкерлигин сунуштап, бирок эки жолу тең парламент аны четке какты.Феликс Кулов бул окуяларда президентке таарынып, 11-апрелге мөөнөтсүз митингди белгилеп, андагы негизги талап катары президенттин кызматтан кетиши коюлду.

Феликс Куловдун кызматан кетүүсүнөн кийин өкмөт башчылыкка кыска мөөнөткө Азим Исабеков келип, бирок апрель митингисинин алдында президент оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаевди 30-мартта премьер-министрлик кызматка алып келди.

Оппозициянын конституциялык реформа тууралуу талабын канааттандыруу максатында президент Конституциялык реформа боюнча Алмазбек Атамбаев башында турган жумушчу топ түздү. Жыл соңунда мына ушул конституциялык реформа азыркы саясий кырдаалдын, бийлик системасынын калыптанышына алып келди.

Мына ушул жазда кырдаал курчуп турган мезгилде Феликс Кулов Оппозициялык Бириккен фронтту түзүп, «11-апрелде бийлик тынчтык жол менен алмашат» деген белгилүү билдирүүсүн жасады.
11-апрелде убада кылынгандай оппозиция Алатоо аянтына миңдеген адамдарды алып чыгып, ондогон боз үйлөрдү, чатырларды тигип салды. Ошону менен президент Курманбек Бакиевдин кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз митинг башталды.

Бакиев кетсин!, деген ураандар менен 19-апрелге чейин митинг уланып, 19-апрелде ал күч менен таркатылды.

Митингди күч менен таркатуудан кийин бийлик кубатка келип, ал эми оппозиция алдан тайганын талдоочулар белгилеп келет.

Апрель митингисинен кийин өлкөдө кырдаал турукташып, август айында Бишкекте Шанхай кызматташуу уюмунун саммити өткөрүлдү. Саясатчылар жана талдоочулар анын ийгиликтүү өткөрүлгөнүн белгилешти.

Сентябрь айында саясатта күз күрөшү кайрадан күч алды. Ал кездеги оппозиция өкүлдөрү саналган, президентке кескин каршы саясатчылар Кабай Карабеков жана Мелис Эшимканов Конституциялык сотко кайрылып, ноябрь жана декабрь конституцияларынын кабыл алынышынын мыйзамдуулугун аныктап берүүнү өтүндү.
Конституциялык сот ал Конституциялар мыйзамсыз кабыл алынганын белгилеп, натыйжада Конституция күчүн жоготту. Кыргызстан кыска мөөнөткө 2003-жылдагы Конституция менен жашап калды.

Өз кезегинде 19-сентябрда президент калкка кайрылуу менен чыгып, 21-октябрда жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдум болоорун жарыя кылды. Ага улаалаш президент конституция боюнча өзүнүн долбоорун жарыя кылынды. Анда президенттик бийлик кыйла бекемделип, бирок парламент 100% партиялык тимзе менен шайланаары айкын болду.

Конституция боюнча референдумдан кийин Жогорку Кеңеш дароо таратылып, 16-декабрда партиялык тизме менен парламенттик шайлоо белгиленди.
Ал шайлоодо жаралганына эки ай болбогон президенттик «Ак жол» партиясы жеңишке жетишип, «Атамекен» партиясы баш болгон опозициялык партияларга парламентте орун тийбей калды.

Мына ушул саясий окуяларга бай жыл ичинде оппозициянын эң негизги кемчилиги, жаңылыштыгы эмне болду деген суроого «Ата мекен» партиясынын лидерлеринин бири Кубатбек Байболов минтип жооп берди:

-Оппозициянын жаңылыштыгы эмес, биздин калктын бир бөлүгү болгон оппозициянын трагедиясы-бул феодалдык аңсезимден калган амбициялуулук. Баары тең президент болгусу келет. Баары тең премьер-министр болгусу келет. Ал эми идеянын тегерегинде биригип, бирдиктүү күч болууга жетише алган жок. Бул оппозициянын чоң трагедиясы болду.

Кубатбек Байболов бийликтин жаңылыштыгы тууралуу буларды белгилди:

-Бийликтин эң чоң жаңылыштыгы элдин назарын, экономикалык жагдайын, мамлекеттин тагдырын жеке саясий кызыкчылыгынын алдында курмандыкка чалып бергендигинде болду.

Ал эми юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов өтүп бараткан жылды президент Курманбек Бакиевдин күрдөөлдүү аракеттенип, элдин каалоосу аткарылган мезгил катары баалады:

-Эң эле биринчиси, быйылкы жылды президент Бакиевдин эң аракеттенген, демилге көтөргөн, элине берген убадаларын аткарган жыл деп атаса болот. Эмне себептен? Анткени, Бакиев президент болом дегенде элден берилген бирден-бир тапшырма эски паралментти таркатуу болчу. Бакиев ал парламент менен иштешели деп эки жыл аракет жасады. Бирок ал болбоду. Анан парламентти таркатты. Экинчиси конституциялык реформа жасоо болчу. Ал реформаны жасап, аягына чыгарды. Үчүнчү, партиялык тизме менен шайлоо өткөрүү болуучу. Ал дагы аткарылды. Төртүнчүсү, биринчи жолу эгемендүүлүк доорунан бери Кыргызстандын бюджети профицит менен бүтүүдө. Мындайча айтканда, чыгашабыздан кирешебиз көп болууда. Демек, биздин заманыбыз оңолуп жатат. Бул да болсо ушул жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын расмий бийлигинин эл үчүн жасап жаткан аракетинин далили.

2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин Кыргызстан коомчулугу Бишкектеги борбордук аянтта эркин жыйналыш өткөрүү, пикирин айтуу укугун жеңип алган эле. Акыркы мезгилде мына ошол жетишкендикти жаңы бийликтин жокко чыгарып баратышы тууралуу суроого Кайыпов минтип жооп берди:

-Демократия деген бул бир эле көчөгө чыгып, өзүнүн пикирин таңуулай берүү эмес. Демократия деген эң биринчи кезекте тартипти талап кылган нерсе. Бул биринчиден. Экинчиден, көчөдө айтылган талаптардын баары эң биринчи кезекте бийликке багытталган талаптар.Ошон үчүн бийлик камсыз кылып жатат, канча киши болсо кайсы аянтка барып сүйлөөнү, жыйналууну, деген Кайыпов оппозициянын негизги катачылыгы катары алардын бириге албашын атады.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев бийлик жана оппозициянын жыл ичиндеги ишине мындай баа берди:

-Оппозиция бул жылы чоң ийгиликке жетише албай койду. Оппозициялык күчтөр биригип, элдин таламын талашуу үчүн парламентке татыктуу келүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле, аны пайдалана албай койду. Кезексиз шайлоо жарыялангандан кийин оппозициянын начар жактары көрүнүп калды. Алар бириге албай койду. Ошондуктан, бизде конструктивдүү оппозиция жок экен деп ойлоп калдык. Эми бийлик болсо, баарын жакшы жасадык, баарын аткардык деп жатат. Бийликтин жетишкендиги эмне менен бааланат? Бийликтин жетишкендиги элдин турмуш деңгээли менен белгиленет. Пенсия көбөйдүбү, айлык көбөйдүбү деген суроолор менен. Оппозицияны жеңүү бийликтин кыйратып жибергенин билдирбейт. Баалар кескин өсүп, калк катуу каржалып калды. Ошондуктан бийлик чоң ийгиликтерге жетишти деп айта албайбыз. Эми бир айтып кое турган нерсе, мамлекетте туруктуулук сакталып турат. Бул жерде бийликтин кошумчасы бар экени айкын нерсе.

Ошентип, парламенттик шайлоонун жыйынтыгында президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешти толук өз көзөмөлүнө алды. Парламенттеги 90 депутаттык орундун 71 «Ак жол» партиясына тийди. Бул партия парламентте абсолюттук көпчүлүк добушка ээ болду. Парламенттеги 11 депутаты бар Социал-демократиялык партия жана 8 депутаты бар Коммунисттик партия иш жүзүндө «Ак жол» партиясына каалагандай чечим кабыл алууга эч кандай тоскоолдук кыла албайт.

Ошондуктан партия 24-декабрда Жогорку Кеңештин жетекчилерин шайлоо, структурасын аныктоого киришип, андан кийин өкмөт башчысына талапкерди көрсөтөт. Парламенттен сырт калган оппозициялык партиялар болсо 24-декабрда конференцияга чогулуп, андан аркы кадамдарын аныктоонун үстүндө иштемекчи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG