Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

10:38 Иса Өмүркулов: Сот да, прокурор да өзүңөр болуп атасыңар


«Кыргыз элине кызмат кылабыз деп коюп, бир муштум бололу дейсиз дагы бүт баарын өзүбүз чечебиз. Кааласаңар алгыла, каалабасаңар койгула деп, садагадай берип коебуз деп атасыңар. Бирок, коомдогу пикир андай эмес да. Сиздер шайлоону кандай өткөрсөңөр, ошону бу жерде улантпашыңар керек. Биз өтпөй калган партиялардын, оппозициянын, позициянын – бардыгынын пикирин жеткириш керек элге. Бир жумада экиден чогулган эмне деген фракция болот. Кандай деп түшүнсө болот? … Мен ойлойм, дүйнөлүк парламенттин деңгээлине жете элекпиз биз». Мындай пикирин Социал-демократтар партиясынан депутат Иса Өмүркулов парламенттикке талапкер Адахан Мадумаровго суроо берип жатып билдирди. Анын алдында сүйлөгөн сөзүндө Адахан Мадумаровду өз пикирин таңуулабоого чакырды. Фракциянын чечимине таянган Мадумаров парламентте 12 комитет болорун белгилеп, анын онуна «Ак жолдон», калган экөөнө cоциал-демократтар менен коммунисттерден болорун билдирген.(BuS)

XS
SM
MD
LG