Аны колдоп 79 добуш берилди. 8 депутат каршы болду. Үчөө жараксыз деп табылды. Парламентте төрагалыкка Мадумаровду «Ак жол» партиясы көрсөткөн. Шайлоо жабык добуш берүү жолу менен ишке ашты. Соңунан Мадумаров дароо парламентти башкарууга отурду. Буга чейин жыйынды парламенттеги сакалдуу депутат Бейшебек Акунов башкарып келген. (BuS)