Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Президент К. Бакиев бүгүн премьер-министр кызматына Игорь Чудиновду дайындоо жөнүндө жарлыгын чыгарды. И. Чудиновдун талапкерлигин премьер-министр кызматына парламенттеги “Ак Жол” фракциясы көрсөткөн. Жаңы Конституция боюнча Кыргызстанда премьер-министр кызматына талапкерди парламенттеги көпчүлүк орунду жеңип алган партия тандап алат.

ИГОРЬ ЧУДИНОВДУН ЭМГЕК ЖОЛУ:

1983-87-жж.- Фрунзедеги электрондук эсептөө машиналары заводунда улук инженер программист.

87-88-жж.- Фрунзедеги электрондук эсептөө машиналары заводунда комсомол комтетинин катчысы.

88-90-жж. – Кыргызстан ЛКЖС Октябрь райондук комсомол комитетинин биринчи катчысы,

1990-91-жж.-Кыргызстан ЛКЖС БКнын экинчи катчысы.

1991-92-жж.-Эл аралык бизнес мектебинде билимин өркүндөткөн.

1994-2005-жж. Ишкерлик менен алектенген.

04.2005-02.2007- “Кыргыз газ” акционердик коомунун башкы директору

08.02. 2007-25.12.2007- энергетика жана отун ресурстары министри.
XS
SM
MD
LG