Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯДАН ЧЕГИНДИБИ?


Кыргызстандагы шайлоолор жана анын жыйынтыгы тууралуу нааразылыктар чет элдик басма сөздө дагы кең-кесири талкууга алынууда.

Eurasia View аталган интернет баракчасында кыргыз бийлик ээлеринин шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирген митингчилерди кармап камака салуулары уланып жаткандыгы, оппозициялык топтор 16-декабрда өткөн шайлоолордун жыйынтыгында шайлоодон экинчи болуп чыкканына карабастан “Ата Мекен” партиясынын парламентке кире албай калышына да нааразылык билдирип жатышкандыгы баяндалган. Аталган интернет баракчасында жарыяланган айрым бир макалада болсо Кыргызстанда өкмөттүн дин боюнча жүргүзүп келген саясаты өлкөдө коомдук кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүп жаткандыгы бышыкталат. “16- декабрдагы шайлоо өлкөдө саясий туруктуулукту камсыздаш максатын күткөн менен Президент Курманбек Бакиевдин администрациясы али дагы болсо социалдык проблемалардын кеңири катмары менен беттешип олтурганы белгиленип макалада бул проблемалардын арасынан эң урунттуусу дин менен мамлекет алакалары экени көрсөтүлгөн.

Түркияда чыкчу ZAMAN гезитинде “Кыргыз шайлоолору баш айлантты” деген башсөз менен жарык көргөн макалада Жогорку Соттун жарым пайыздык чекти алып салган чечимине карабастан шайлоодон кийин “Ата Мекен” партиясынын парламентке кире албай калышы өлкөдө жаңыча саясий кризистердин жаралуу коркунучун пайда кылганы билдирилет.

Лондондун Financial Timesы “Президент Курманбек Бакиев шайлоодо ири жеңишке жетишүүсү аркылуу Борбор Азия жумуруятында тизгинди бекем колго алды, европалык байкоочулар эл-аралык нормаларды бузуунун фактыларына орун берилгени себептүү шайлоонун жыйынтыгын сынга алышты” деп жазды. Швейцариянын Neue Zurcher Zeitungу “бир учурда Борбор Азиядагы демократиялуулуктун аралы катары көрсөтүлгөн Кыргызстанда жагдай Түркмөнистан жана Өзбекстанга салыштырмалуу алда канча дурус болгон менен демократиядан кетенчиктеп баратат” деген ой билдирген.
Лондондо чыгуучу Sunday Telegraph кылымдар бою Түндүк Уюлду мекен кармап келген Аяз Атанын Кыргызстанга көчүү маселесине кайрылган. Гезитте жазылышы боюнча, тактыгы менен таанымал Швециялык инженерлердин тобу Аяз Ата дүйнө жүзүндөгү 2 жарым миллиард үй-бүлөнүн ар бирин тегерете кыдырып бардык балдарга белектерин өз убагында жеткире алыш үчүн эң ыңгайлуу бааза Түндүк Уюл эмес экенин эсептеп чыгышкан. Алардын эсептөөлөрү боюнча бул жумушун эң кыска убакытта оптималдуу аткара алыш үчүн Аяз Ата түндүктөгү бир жерде деп билинген конушун 6000 чакырым түштүгүрөөктөгү Кыргызстанга Жалалабаттагы Капкаташ Тоого которуш керек экен.

Дублинде чыгуучу Irish Times “Өзбекстандагы шайлоолордон Ислам Каримов жеңип чыгарына эч ким шек санабайт” деп билдирет. “1989- жылдан бери Өзбекистанды башкарып келаткан ошондой эле саясий каршыларын такай куугунтука алып, оппозициядагылардын демин кысыш үчүн ур-токмоктоо, качырып кетүү, жүйөсүз камактарга салуу, атүгүл адам өлтүрүү өңдүү жырткыч ыкмалардан пайдаланып келген Каримов, дагы бир 7 жылга президент шайланары күмөнсүз” делинет макалада.


Аким Өзгөн, Түркия
XS
SM
MD
LG