Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

БЕЛАРУС СОТУ ОППОЗИЦИЯЧЫЛ УЛАНДЫ 18 АЙГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Минск шаардык соту оппозициядагы Артур Финкевичти бир жарым жыл түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарды. Оппозициячыл улан 2006-жылы май айында дагы Александр Лукашенконун режимин сынга алган ураан жаза коюп бир жарым жылга кесилген. Бул жолу Финкевич мурдагы кесилген мөөнөтүн аткарып атканда тартип бузду деген жаңы жалаа менен кошумча мөөнөткө кесилген.

Финкевич кеткен жылы 30-январында Минск шаарында, түнката мамлекет башчынын кенсесинин маңдайына «Биз жаңыны каалайбыз» деген ураан жазып аткан жеринен кармалган. Борбор шаардын Биринчи май райондук соту уланды ашынган ээнбашык беренеси астында эки жылга эркинен ажыраткан. Ошондон тарта ал Могилёвдогу №47 күнөөсүн кечирүү мекемеде мөөнөтүн өтөп аткан.

Анализчилер баамында, алдыңкы аптада Орусиялык президент Владимир Путин ырасмий иш сапары менен Минскиде жүрүп, АКШ жана Евробиримдигине карата айткан сынынан кийин эле капилеттен оппозициячыл Финкевичтин өкүмү бузулуп, иши кайра карала баштаган.

Мындай көрүнүштү мурда өзү түрмөгө олтуруп чыккан Микола Статкевич бийликтин Артурду такыр мүңкүрөтмөккө жасап аткан аракети деп баалайт:

«Бул бийликтин ага карата ташбоор кысым көрсөтүүсү. Бирок мен эл алдына койгон максат эмне экенин жакшы билемин. Акыры жүрүп, азыр бизди соттотуп атышкандар өздөрү сот жообуна тартылышат».

Минскиде сот өкүмү жарыяланганда тышка чогулган 40дай киши «Ганьба!» («Шермендечилик!» - ММ) деп кыйкырып, ызы чуу салышкан. Кесилген Финкевичтин адвокаты Анна Рыбалко Жогорку Сотко доо арыз кийире тургандыган айткан.

Оппозициячыл кыймыл өкүлү Северинец айтканга караганда Артур өкүмдү мынчалык катуу болбойт деп үмүттөнгөн. Ошол себептен ал өзүнө коюлуп аткан күнөөнүн жарым жартылайын мойнуна алууга даяр экенин билдирген. Финкевич абакта олтурган ичи бийликтин камчысын чапкандар тараптан кысым көргөзүлүп, андай кадамга барганын Беларус өлкөсүндө саясий кысымдан жабыр тарткандарга жардам көргөзүү комитетинин төрайымы, айтылуу оппозициячыл Александр Миленкевичтин жубайы Инна Кулей айткан:

«Бул бийликтин (Финкевичти - ММ)тизеге салып сындыруусу болду, беделин түшүрүп жер карама кылып салуу болду. Албетте, бийлик бул жерде эгерде баш көтөрсөңөр силер да ушундай болосуңар деп бүтүндөй жаштарды опузалап атат».

Беларус бийлиги улам бир кыйкым таап «Жаш фронт» саясий кыймылыy мурда каттоого албай койгон. Ал кыймылдын уюштуруучусу Дмитрий Дашкевич 2006-жылы кармалып бир жарым жылга абакта олтуруп чыккан. Ошол жылы декабрь айында эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Дмитрий Дашкевичти абийир туткуну деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG