Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

АВТОРИТАРДЫК РЕЖИМДИН ЗАМАНЫ КЕЛДИБИ?


Өлкөдөгү соңку окуялардан улам Оштун айрым тургундары жергебизге авторитардык режим орноду, эми бийликти узурпациялоо аракеттери байкалууда деп тынчсызданышууда. Бирок жогорку бийлик өкүлдөрү минтип кабатырланууга негиз жок деген позицияда.

Серепчилер жана эксперттер кабатырлангандай, 21-декабрда өткөн референдумда Бакиевдин демилгеси аркасында Баш мыйзамдын 2-статьясындагы «бийликти узурпациялоо – эң оор кылмыш» деген берене атайылап жокко чыгарылган. Ошондуктан, Кыргызстанда мамлекетти жеке адамга же анын айланасындагы топторго баш ийдирүү жоруктары жасалууда. Талдоочулар Ажонун «Ак жол» партиясын түптөшүн, парламентти жана өкмөттүн курашын буга мисал катары тартышууда.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректору Эркин Дюсенов тээ октябрда жаңы Баш мыйзам долбоору талкууланып жатканда бийликти менчиктештирүү эң оор кылмыш экендигин эскертип, калкка сунуш этилген Конституция долбооруна ушул берене кирбей калганын айтып абдан чыркыраган. Жогорку окуу жайдын жетекчиси азыр деле ушул оюнан кайта элек.

- Акаев доорундагы 1993-2003-жылдардагы Конституциянын 2-статьясында «бийликти узурпациялоо – эң оор кылмыш түрүнө кирет» деп таамай жазылган. А 21-октябрдагы референдумда Баш мыйзамдын бул жери түшүп калыптыр. Менимче, аны эртедир-кечтир кайра кошуу керек. Азыркыдай өткөөл мезгилде мындай укуктук тоскоолдуктарды кийирбесек, өлкөдө ар кандай кооптуу кырдаал түзүлүп калышы ыктымал. Чындыгында, жоопкерчиликтен эч ким, Курманбек Бакиев да, кийинки президенттер дагы кутула албайт. Кокус бийликти узурпациялоо аракети жасалса, эл өзүнүн калыс сөзүн айтып, позициясын билдирип турганы жакшы,- дейт Эркин Дюсенов.

Социал-демократиялык партиядан Жогорку Кеңешке шайланган депутат, экс-губернатор Жусупжан Жээнбеков кырдаал кудум бүгүнкү тейде улантыла берсе, Кыргызстан экинчи Грузиянын кейпин киет деп «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Кудай өзү сактасын. Бизде экинчи Грузия болуп калбасын деген ой кетип жатат. Азыр эл башка, Кыргызстан башка. Эки жылда эле келип элди башкарып, чокуга уруп, мен бийлеп алам деген туура эмес да. Бүгүнкү күндө чынын айтайын, Курманбек Салиевич менен бирге жүрдүк эле. Азыр эч бир көз карашын түшүнбөй жатам,- деди Жусупжан Жээнбеков.

Көз карандысыз талдоочу Рустам Ахматахунов «Узурпациянын жышаанын өзүңөр байкап жатасыңар, бирок Бакиевдин бийликке келиши менен Кыргызстанга авторитардык режим орногондугу анык» деген ойдо.

«Ак жол» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров каршылаштарынын кооптонуусуна жүйөө жоктугун, «Демократиянын атасы менен энеси Кыргызстандан болсо да, жетишет!» деп, өлкөгө болгону мыйзам диктатурасын орнотуп жатышкандыгын «Азаттыкка» маалымдады.

- Акүйдөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин казыктай каккан, темирдей бийликти орнотушубуз керек. Жетишет, демократиянын атасы менен энеси Кыргызстандан болсо дагы. Өзүн-өзү сыйлаган мамлекеттин мыйзамы болот. Ошол мыйзамга каршы болгон ар кандай аракеттер Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөн чектерде чечилиши керек,- дейт Адахан Мадумаров.
XS
SM
MD
LG