Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

БШК МЕНЕН “АР-НАМЫС” ПАРТИЯСЫ ДАГЫ СОТТОШОТ


23-декабрда Биринчи май райондук соту “Ата мекен” партиясынын БШКга каршы арызын канаттандырган жок. Биринчи май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева “Ата мекен” жана бей өкмөт уюмдардын шайлоонун жыйынтыгы боюнча протколдорун карап, БШКнын шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимин жокко чыгарууга негиз жок деп тапты. Соттун чечими жана өлкөдөгү саясий кырдаал жөнүндө “Ар-намыс” партиясынын активистти Бөдөш Мамырова “Азаттык” менен маектешкен.

- Сиз шайлоо учурунда Ош шаарында байкоо жүргүзүп жүрбөдүңүз беле. Чынында эле “Ата мекен” менен “Ар намыс” партиялары Ош шаарынан 700 добушка ээ боло алган жокпу?

- Кечээ сот арызды канаттандырган жок. Бул боло турган нерсе болчу. Бирок парз үчүн “Ата мекен” партиясы сотко берип туура кылды. Мен байкоо жүргүзгөн иштерим боюнча айта турган болсом, Ош шаары боюнча “Ата мекен” партиясы өтпөй калды деп атышпайбы, бул андай эмес. Ош шаары боюнча 82 участоктун 52 участогунан протоколдорду жыйнап алганда “Ар намыс” партиясы жалпы добуш боюнча 1863 добушка, ал эми “Ата мекен” партиясы 1628 добушка ээ болгон. Калган участоктордон жыйнай алган жокпуз. Анткени алар байкоочуларды киргизбеген участоктор болду. Алар СИЗОлор, төрөт үйлөрү, ооруканалар, туберкулез диспансерлер болду. Биз жүргүзгөн байкоо боюнча, “Ата мекен”, “Ар намыс” партиялары белгиленген 0, 5 босогодон өткөнбүз. Бирок бийлик көз көрүнөө бурмалап, өзүнүн көңүлүндө болгон пайызды койду дагы, өткөрбөй койду. Башынан бизге жеткен маалыматтар төгүндөлгөн жок, алар чындыкка төп келди. Анткени кандай жол менен болбосун “Ата мекенди”, Ар намысты” парламентке кое бербөө жөнүндө бийликтин жанында отургандардан бизге маалымат жетип аткан.

- Өткөңдө “Ар намыстын” лидери Феликс Кулов партиянын атынан добуштарды бурмалагандыгы тууралуу сотко кайрыларын билдирди эле. Сот “Ар намыстын” доо арызын качан карайт жана ошону канаттандырат деп ойлойсузбу?

- Биз жер-жерлерге кайрылганбыз. Азыр негизинен борбордо кайрылганы жатабыз. Биз биринчи эле күнү БШКга өзүбүздүн доо арызыбызды бердик эле, алар кыска мөөнөттө тездик менен биздин доо арызыбызды канаттандырган жок. Азыр документибиздин баарын тактап атабыз, дагы деле жер-жерлерден келбей калган протоколдор келип атат, ошолордун баарын тактап биз Бишкек райондук, анан шаардык, Жогорку Сотко чейин кайрылабыз. Бирок биздин доо арызыбызды деле канаттандырбайт. Анткени парламент түзүлдү, болору болду дегендей иштеп атышат. Бирок тарых кайталанат, баары бир мезгил алмаша турган нерсеге, келечекке биз документтерибизди даярдап коелу деп атабыз. Биз сотко сөзсүз түрдө кайрылабыз.

- Бүгүн жарандык форум өткөрүлүшү күтүлүүдө. Ага “Ар намыс”, “Ата мекен”, “Асаба”, “Жашылдар” партияларынын жана бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат экен. Ошол форумдун максатына токтоло кетсеңиз?

- Бүгүн форум болгону турат. Ал форумда ушул шайлоонун жүрүшүнө, шайлоодогу бийлик тарабынан өткөн калпыстыктарга биз саясий баа берели деп атабыз. Ошол эле мезгилде мындан аркы саясий партиялардын иш аракеттери кандай болот, ошол каралганы жатат. Өзүңөргө белгилүү, дайыма эле айтып атчу президент дагы, президенттин тегерегиндеги аткаруучулар дагы - парламент биз менен макул болбой атат, парламент иштетпей атат деп. Ошондой эле нерсе эл арасында да тарап кеткен “президентти иштетпей атат, парламент эле, өкмөт тоскоол болуп атат” деген. Мына парламент өзүнүкү 100 пайыз десек дагы жаңылышпайбыз. Буюрса булар өзүнүн өкмөтүн түзөт. Эми мындан ары эл алдында өзүнүн өкмөтүн, өзүнүн парламентин түзүп алып жай баракат иштеп калуу эмес. Булар кандайдыр бир мезгилде элдин арасында отчет бериш керек. Биз ошонун механизмин талкуулайлы деп атабыз. Парламент менен өкмөт элдин алдында кайсы мезгилде кандай типте отчет бериш керек. Эгерде элдин мүдөөсүн аткара албайбы, анда аткара турган адамдарга жол ачкандай болуш керек.


- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG