Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

НУРЖАМАЛ БАЙБОЛОВА: CОТ САЯСИЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАРДЫ


Шайлоодогу бурмалоо фактыларына каршылык билдирүү иретинде “Ата Мекен” партиясынын атынан ачкачылык кармаган он төрт аял кечээ ачкачылык акциясын токтотушту. Алардын бири Нуржамал Байболованын айтымында, акция жергиликтүү жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөгөн болчу, ачкачылык акциясы бул максатына жетти, ошондуктан аны токтотуу тууралуу чечим болду.

- “Ата мекендин” ондон ашуун мүчөсү ачкачылык акциясын кечээ кечинде токтотуптурсуздар. Сиздердин акцияга бийлик тарабынан кандайдыр бир көңүл бурулдубу?

- Мен башынан эле айтпадым беле, бийликтин кандайдыр бир көңүл буруусуна дегеле эсептеген эмеспиз. Анткени, биз бул бийликтин жүзүн билебиз, бийликтин өтө кыйын учурларда адамдар өзүн-өзү аянтта өрттөп ийген акцияларга болгон реакциясын билебиз. Биздин саясий ачкачылык акциясынын негизги максаты – мамлекетте болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулардын болуп атканына кыргыз коомчулугунун жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет.

- Мен ишемби күнү сиздер ачкачылык жарыялап отурган “Ата мекендин” штабынын жертөлөсүнө барганда Гүлнара Искакова менен Мира Сариеванын ден-соолугу начарлап баратканына күбө болдум эле, алардын абалы жакшыбы?

- Алардын абалы начарлагандан начарлады. Андан башка дагы дээрлик бардык аялдардын ден-соолугу бир аз начарлады. Себеби ошол жерде отурган аялдардын баары балалуу-чакалуу. Өзүңөр билесиңер да төрөгөн аялдардын ден-соолугу кандай болот.

- Биздин маалыматтарга караганда дарыгерлер сиздерди ачкачылыкты токтоткула деген сунуштарын айтыптыр?

- Ооба, алар айткан прогноздор далилдене баштады. Алар айтты төртүнчү суткага кеткенде адамдын ден-соолугунда кайталангыс процесстер жүрүп баштайт, ден-соолукка зыян болот деп. Ошол процесстер башталганда партиянын жетекчилери дагы катуу талапты коюшту. Биз өзүбүз да балдарыбыздын келечегин ойлойбуз да. Саясий акциябыз негизинен максатына жетти деген жыйынтыкты чыгарып, кечээ күнкү соттун чечиминен кийин биз өзүбүздүн ачкачылык акциябызды токтоттук.

- Соттун чечими демекчи, 1-Май райсоту “Ата мекендин” шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча доо арызын канаттандырбаганга кандай баа бересиз?

- Баягы эле болуп аткан саясий заказдын уландысы да. Болбосо ошол жерде далилдер көрсөтүп турса дагы ошолорду эсепке албай, сот кезектеги саясий чечимди кабыл алды.

- Ал эми кийинки кадамыңыздар кандай болмокчу?

- Кийинки кадамыбыз: биринчиден, биз Жогорку сотко кайрылып 1-Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууга аракет кылабыз. Кечээ күнү кечинде дароо алдык сот чечимин. Бүгүн биздин юристтер өткөрүшөт Жогорку Сотко. Биз бардык этаптарды өтүп, анан кийин болушунча эл аралык инстанциядагы сотторго кайрылууга аракет жасайбыз. Себеби мында жүзүкаралык мыйзам бузууларды эл Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көрүп атат болуш керек.

- Калган айымдардын ден-соолугу кандай?

- Начарлады, ошондуктан ушундай жыйынтыкка келдик. Ачкачылык жарыялап отурган 14 аялдын ден-соолугунан дагы менин кооптондурганы - биздин коомчулукта мамлекеттин келечеги жөнүндө ойлонгон адамдар үчүн чоң кооптуу жагдай болуп турат, ошол жөнүндө ойлонуш керек. Мамлекетибиз ооруп атат, мамлекетибиз катуу сыркоолоп калды.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG