Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

17:45 Канттагы газ түтүгүнөн дагы өрт чыкты


Бул туурасында «КырКазГаз» жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Кубаныбек Жусупов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында бүгүн эртең менен Кант - Токмок ортосундагы газ түтүгүнөн өрт чыгып күндүзгү саат 13:00тө өчүрүлгөн. Өрттүн себеби газ түтүктөрүнүн эскилиги жеткендиги менен түшүндүрөт, деди Кубанычбек Жусупов. Ал эми ондоп- түзөө иштери бейшенби, 27- декабрда болот. Ондоп - түзөө аяктаганга чейин Канттагы цемент-шыйпыр комбинатына берилген газ токтотулат. Ушул жылдын 22-ноябрында да Канттын аймагындагы газ түтүктөрүнөн өрт чыгып бир күндөн соң өчүрүлгөн. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG