Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

18:00 “Мен ишенбейм” акциясына чыккандардын иши Бишкек шаардык сотунда каралган жок


Сот жараяны белгисиз себептер менен 26-декабрга жылганын укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” билдирди. Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Назгүл Турдубекованы жана жаштар уюмдардын, партиялардын жаш канаттарынын ондон ашык өкүлүн милиция 20-декабрда мыйзамсыз нааразылык иш-чара уюштурду деген кине менен кармап кеткен. Кармалгандардын ишин Биринчи май райондук соту карап, айрымдарын беш-жети күнгө эркинен ажыратып, кээ бирлерине акчалай айып салган. Убактылуу камоочу жайда кармалып тургандар Бишкек шаардык сотуна кайрылып, сот аларды 22-декабрь күнү кечинде Жарандык кодекстин 598-беренесине ылайык бошоткон болчу. Бул берене боюнча айыпкерлер сот чечимине макул болбой жогорку инстанцияларга даттанган убактан тарта камактан бошотулууга тийиш. (EBM)

XS
SM
MD
LG