Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

25-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1991-жылдын 25-декабрында АКШ Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендигин тааныды. Түштүк Чыгыш Азияда башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да кесепети тийип, 1998-жылдын 25-декабрында министрлер кабинетинин башына Жумабек Ибраимов турган өкмөт келди.

Мурда Советтер Союзуна кирген Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Украина мамлекет башчылары 1991-жылдын 21-декабрында Алматы шаарында чогулушуп, Шериктеш мамлекеттердин биримдигин куруу туурасында келишимге кол коюшкан. Ал укуктук жактан СССР мамлекетинин тарагандыгын жыйынтыктаган. Анын натыйжасында, ушул жылдын 25-декабрында АКШ Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендигин тааныды.

Түштүк Чыгыш Азияда башталган 1998-жылкы экономикалык кризис Кыргызстанга да кесепетин тийгизбей койгон жок. Жети ай ичинде өлкөдө эки өкмөт алмашып, 1998-жылдын 25-декабрында министрлер кабинетинин башына Жумабек Ибраимов турган үчүнчү өкмөт келди. Мындан эки күн мурун президенттин аспиранты, чарбалык жетекчиликтен кабары жок Кубанычбек Жумалиевдин өкмөтү отставкага кетирилген. Бирок Кыргызстандагы кризистик кырдаалды андан да күчөткөн К. Жумалиев Жалалабад областына губернатор болуп дайындалды.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чегарасын аныктоо үчүн курулган өкмөт аралык комиссия, 2002-жылдын 25-декабрында ишин улантты. Комиссиянын бу күнкү жыйынында эки өлкө арасын бөлгөн чегара маселесин тактоо принциптери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүздү.

2003-жылдын бу күнү Кыргызстан президенти Аскар Акаевдин Казакстан Республикасына жасаган расмий визити башталды. Ушул эле күнү ал Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, мамлекет аралык сүйлөшүүлөр жүргүздү. Сүйлөшүүдө аймактык коопсуздук жана экономикалык кызматташуу маселелери козголуп, анын жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «Биримдик келишимине» жана өкмөт аралык беш документке кол коюлду.

Монголия Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Санжбегзийин Тумур Очирдин Кыргызстанга жасаган эки күндүк визити 2003-жылдын 25-декабрында башталды. Ушул эле күнү ал Жогорку Кеңештин кош палата төрагалары-Алтай Бөрүбаев жана Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Сүйлөшүү жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланып, парламент аралык туруктуу иштей турган топ куруу туурасында проблема көтөрүлдү.

Бу күнү, 1699-жылы Петр I Россияда христиандык жыл саноо туурасында жардык чыгарып, 1979-жылы Советтер Союзу Афганистанга аскер киргизип, 1989-жылы Румыниянын мурдагы жетекчиси Николае Чаушеску менен анын аялы Елена атылып, 1991-жылы М. Горбачев СССР президентигинен отставкага кетип, 1642-жылы англис физиги Исаак Ньютон, 1879-жылы америкалык автомобиль конструктору Луи Шевроле, 1897-жылы америкалык ишкер, «Хилтон» мейманканасын негиздөөчү Конрад Хилтон жарык дүйнөгө келсе, 1974-жылы кыргызстандык жазуучу Михаил Аксаков дүйнөдөн кайткан.
XS
SM
MD
LG