Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:53

«АК ЖОЛ» БИЙЛЕГЕН ПАРЛАМЕНТ ЭЛ ҮМҮТҮН АКТАЙБЫ?

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалалабатта коомчулуктун айрым бөлүгү «Ак жол» партиясынын өкүлдөрү үстөмдүк кылган жаңы парламенттин ишмердиги натыйжалуу болорунан күмөн саноодо. Андагы пикирлерге караганда, бийлик каалаган мыйзамдарын көпчүлүктү түзгөн партиянын күчү менен парламентте өткөрүп ала бермекчи. Бирок оппозициядагы таанымал саясатчылар жок болгондуктан парламентти чет өлкөлүктөр тааныбай коюусу да ыктымал.

Жаңы калыптанган парламентке демократиялык мүнөздөгү жарандар күмөнсүрөө менен кароодо. Партиялык тизме менен шайлоо өткөрүп, бийлик көздөгөн максатына жетти.

Ноокен районунун мурдагы акими Советали Сеитбековдун көз карашы боюнча парламентте бийликти сындаган таанымал саясатчылары болбогон өлкөгө чет өлкөлүктөр кайдигер кароосу мүмкүн:

- Каалагандай мыйзамын өткөрөт, каалагандай мамлекетти калчайт. Парлменттин эч кандай көркү жок болуп калды деп эсептеп атышат эл. Парламентте Текебаев, Сариев, Шерниязов, Байболовдор болбосо башка мамлекеттердин бийликтери биздин парламентти тааныбайт.

«Ак жол» партиясына парламенттен арбын орун тийишинен улам демократиянын тагдырына тынчсызданган адамдар аз эмес. Базаркоргон районунан Темирбек Туратбековдун айтымында мыйзам бузуулар менен коштолгон шайлоону кыйла каражат жумшап өткөрбөй койсо да болмок:

- Мындай шайлоо өткөргөңдөн көрө перзидент өзүнө керектүү депутаттарды топтоп алса деле болмок экен. Элдин көз карашы азыркы бийликке, азыркы шайланган депутаттарга нааразы.

Парламентке мурда күтүлбөгөн жана мыйзамчыгаруу иши менен жумушу болбогон адамдар келди. Кочкората шаарындагы «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун өкүлү Кубатбек Артыковдун болжоосуна ылайык жаңы депутаттар чет өлкөлүктөр менен сүйлөшө албай кыйналуусу жана парламентте бийлик каалаган мыйзамдар кабыл алынышы ыктымал. Жогорку Кеңештин иштерин элестетүү кыйын. Депутаттар кайрадан үй, автоунаа жана кызмат талашуу менен кыйла убакытын бошко кетиришет го деп эсептейт ал:

- Булар эртеңки күнү үй, машиналарды талашат, комитеттерге төрага болом деп талашат. Мыйзам долбоорун даярдагандар “Ак жолдукун” гана өткөрүшөт. Бардыгы коркушат дагы Ак үйдөн кандай указание болсо ошонун барын өткөрүшкө аракет кылышат.

Коомчулук арасындагы шайлоого чейинки сурамжылоодо «Ата Мекен» партиясы да кыйла добуш алып, парламентте көпчүлүктү түзсө керек деген түкшүмөлдөр үстөмдүк кылып келген. Бирок, андай жоромолдордун тескери болушуна Сузак районунан Узакбай Маматкуловдун пикири боюнча партиянын шайлоодо утулушуна элдин тандоосу менен «ата мекенчилердин» үгүт иштери таасирин тийгизген шекилдүү:

- Бул нерсе элдин чечими болду. “Ата мекенчилерди” жаман, парламентке жарабайт деп эч ким айтпайт. Булардын орду, салмагы бар болчу. Бирок акыркы учурда жасаган агитациясы элге туура эмес таасирин тийгизди.

Жаңы парламент эскисинен саясий амбициялары аздыгы менен айырмаланып турат. “Ак жол” партиясы шайлоочулардын көбү жактаган үчүн утуп чыкты. Партиянын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун болжоосунда иштиктүү парламентти күткөндөрдүн тилеги орундалды:

- Шайлоого чейинки эле элдин маанайынан билинип турду биздин жактоочуларыбыз абдан көп болгону. Бул партия ушуга чейин эле калыптанып, идеялары менен элдер биригип калган болчу.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG