Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:00

07:20 “Мен ишенбейм...” акциясынын катышуучулары акциясын уланта берээрин билдиришүүдө


Иш чаранын катышуучусу Мирсулжан Намазалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, “Мен ишенбейм...” акциясынын катышуучулары чогулуп, бүгүн акцияга чыгар чыкпасын такташат. .”Акцияга бүгүн чыкпасак да, биз ушуну менен токтоп калбайбыз, акциябыз сөзсүз уланат”, дейт Мирсулжон Намазалиев. 21-декабрда БШКнын имаратынын маңдайында “Мен ишенбейм...” акциясы өтүп, катышуучулар парламенттик шайлоонун жүрүшүнө нааразылыгын билдиришкен. Ошол эле күнү акцияга катышкан 2 журналист жана укук коргоочулар кармалган. “Мен ишенбейм” акциясына чыккандардын иши Бишкек шаардык сотунда кечээ каралмак, бирок белгисиз себептер менен эртеңкиге жылдырылган.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG