Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

ҮЧ ИРЕТ ЖАҢЫЛАНГАН ӨКМӨТ, АСМАНГА ЧЫККАН ИНФЛЯЦИЯ


Адистердин болжолунда быйыл ички дүң продукттун өсүшү 8% тегерегинде болушу мүмкүн. Жыл башында экономикалык өнүгүү мындан да бийик болору айтыла баштаган. Бирок да “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” демекчи, ашып барса 5% чыкчу инфляция жыл аягына чейин 20% чапчып, өкмөттүн токпейил болжолдорунун баарысын жокко чыгарууда. Жыл ичинде өкмөттүн үч ирет алмашуусу азыркы кыргыз бийлигинин экономикалык кызыкчылыкка караганда саясий максат-мүдөөгө көбүрөөк ыктаарын көрсөттү.

Экономика жайында кеп болгондо бир жыл ичинде үч ирет өкмөт жаңыланганын эске ала кетүү оң. Жыл башында парламент сынынан «эки» деген баа алган Феликс Куловдун өкмөтү ишинен кетүүгө аргасыз болду. Анын ордун баскан Азим Исабеков жазгы талаа жумуштарын жакшылап өткөрүү тууралуу көрсөтмө-буйруктарын айылдагы дыйкан-малчыга жеткире электе кызмат ордун айтылуу оппозициячы Алмаз Атамбаевге өткөрүп бергени көпчүлүктүн эсинде.

Антип саясий максат-мүдөөлөрдүн садагасына чабылган өкмөт 2005-жылы кыргыз экономикасы аз жерден кургуйга кулап кетпегенине шүгүрчүлүк кылып, мындан ары жалаң өнүгүү тилкесине түшөрүбүздү айтуу менен алектенип келатат. Кыргызстандын каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаровдун ырасташынча, ириде иштин натыйжасы болушу керек.

- Жаныбыздагы кытайлар айтып коет экен: «Акпы, карабы, иши кылып мышык чычкан кармаса эле болду».

Мына жыл жыйынтыкталып баратат. Улам-улам алмашылган өкмөт, өткөн жылдагыдай эле кабыл алына элек эмдиги жыл бюджети, булары аз келгенсип инфляция деңгээли белгиленген чектен эки-үч эсе көбөйүп, өкмөттүн ушу тапта алапайын таппай турган кези.

Аны сегиз ай иштеген мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев мындайча түшүндүрөт.

- Силер өзүңөр деле көрбөдүңөрбү, мени кызматтан бошотушту. Бирок да ошол күнү мен президенттин жүзүнөн кубанычты байкай алган жокмун. Себеп дегенде, мен иш көзүн билем. Мен иштеп жатканда президенттин өлкө, экономика жагынан көңүлү тынч болчу. Кандайынан келгенде да оор кырдаал болчу. Азыр болсо көрүп жатасыңар, газ боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкпай турат. Мен азыр мазут, макулдашкан дан эгиндерин сатып алышканын-алышпаганын билбейм.

Эки жылга созулган ары-сүр, бери-сүрдүн натыйжасы барып-келип эле экономикадан көрүнүүдө. 2005-жылы кыргыз экономикасы аз-аз жерден кургуйга кулап кетүүдөн сакталып калса, 2006-жылы экономикалык өнүгүү деле чеке жылытарлык болгон жок. Кийинки эки жылдан бери Кыргызстанда экономиканы көтөрүү, мындан ары жалаң гана экономикалык маселелерге көңүл буруу зарылдыгы тууралуу кептер арбын болгону менен, өлкө көбүнесе саясий талаш-тартыштардын кучагынан чыга албай, көчө жыйын, жөө жүрүш, пикеттердин төөбастысында калып келатканы деле эч кимге жашыруун эмес.

Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү үчүн азык-түлүккө баалардын көкөлөп кетиши, аны улай инфляциянын көтөрүлүшү биралдын күтүүсүз болду окшойт. Баалардын көтөрүлүшүн азыноолок тизгиндөө аракетинен майнап чыкпай, өкмөт такай парламенттин сынына кабылып келди. Аны Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Темир Сариев карапайым адамдардын жашоо-тирилигинин мисалында момундайча сыпаттаган.

- Тим эле болуп көрбөгөндөй өсүш болду, жыргап калдык, дейт. Ай, эл ачка болуп баратат. Эгер тамак-ашка баа ушундай ыраатта өссө, эртең аябай катуу ахывалга түшүп калабыз. Эми көз боемочулукту коюшпайбы эми! Калп айтканды коюшпайбы! Өкмөт башчыга айтып койсоңуз. Өткөндө жыйын өткөрүп жатат. Жер айдалган жок. Жамгыр жаабай жер катып калган. Соко кыртышка кирбей жатат. Күздүк эгилген жок, күйүүчү-майлоочу майлары жок, үрөндөрү жок.

Алмаз Атамбаев Кыргызстанда 300 миңден ашуун өтө жакыр үй-бүлө бардыгын, алардын баарына өкмөт арзан баада ун жеткирип берүү милдетин алганын билдирген.

- Эми 300 миң жакыр үй-бүлө бар экен. 1,5 миллионго жакын адам экен. Ошолорго унду түз эле жеткирип берели деп жатабыз. Анткени көрүп жатабыз го. Чайкоочулар бааны көтөрүп, унду кымбаттатып жиберишти. Ошондуктан жакыр үй-бүлөлөргө керек болсо ай сайын бир мүшөктөн жеткирип берели дедик.

Быйылкы жылы инфляция деңгээли 20% ашканы менен, курулуш, тейлөө тармактары дурус дегидей көрсөткүчтөрдү камсыз кылышты. Бул тармакка жумшалган инвестициянын көлөмү 14% ашты. Курулушка делген инвестициянын кыйласы чет жерде иштеген мекендештерибиздин үй-бүлө, урук-туугандарына жөнөткөн акчаларынын эсебинен экени, анын натыйжасында турак-жай курулушу кыйла оожалганы көпчүлүккө дайын. Айрым адистердин болжолунда, кийинки жылдары эле чет жердеги кыргызстандыктардын өлкө экономикасына алып келген инвестициясы жарым миллиарддан бир миллиардга чейинки доллар акчаны түзгөн.

А бирок антип агылган акчалар көбүнесе турак-жай курулушуна, турмуш-тиричилик керектөөлөрүнө жумшалууда. Негизи быйыл өткөн жылга салыштырмалуу сырт инвестиция 14% жакын арбын келгенин Улуттук статистика комитети кабарлады.

Биртоп эларалык каржы уюмдары биргелешип Борбор Азия өлкөлөрүнүн дүйнөлүк деңиз жолуна чыгуусуна шарт түзчү «транспорт коридорлорун» түзүүгө киришүүдө. Баш-аягы 18 миллиард доллар акча сарпталчу ошондой «унаа өтмөктөрүнүн» катарына Кыргыз-кытай темир жолу, Ош-Сарыташ- Эркештам автожолу кирмекчи. Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетовдун ырасташынча, Өзбекстан өкмөтүнүн каршылыгы болбогондо бул долбоорлор мурда эле ишке киришмек.

- Темиржолдун түндүк варианты өтсө бул Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктире турган жол болот эле. Бирок аны ишке ашыруу кыйыныраак болууда.

Кыргызстандын транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Нурлан Сулаймановдун айтуусунда, Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу алты «транспорт коридору» өтөт.

- Борбордук Азиядан өткөн жолдордун ичинен 6 «транспорт өтмөгү - коридорун» бөлүп чыгардык. Ошол 6 «транспорт өтмөгүнүн» төртөө Кыргызстан аркылуу өтөт. Ошол коридорлордун эң негизгилеринин бири болуп Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан автожолу, Кытай – Кыргызстан – Тажикстан автожолу жана ошондой эле Бишкек – Алматы, андан ары Орусияга кетчү жолубуз – ушулардын бардыгы негизги «транспорт өтмөгү» катары аныкталып, 18 миллиард доллардын ичинде ошол жолдордун оңдолушу толугу менен каралган,- дейт Нурлан Сулайманов.

Акыйкатта да, чыгыштан-батышка ташылган товарлардын 1% жакыны гана Борбор Азия аймагы аркылуу өтөт. Мындай шартта чөлкөмдүн экономикалык жагынан ыкчам өнүгүшү тууралуу кеп кылыштын кажети деле жок.

Ал эми кыргыз өкмөтү өзгөчө үмүт арткан «Камбарата – 1 –2» ГЭСтеринин курулушу ири инвестициялык долбоолору эмдиги жылдан тарта ишке киришкени турат. Быйыл өкмөт өз күчү менен 300 миллион сомдук жумуштарды бүтүрүү максатын алдына коюп, курулушу токтоп турган «Камбарата – 2» ГЭСинин курулушун аягына чыгарууну максат кылууда. Электр станциясынын 1-агрегатын ишке киргизүү үчүн өкмөт алдыдагы эки жылда 5 миллиaрд сом акча бөлүүнү караштырууда. Болжол менен 2,5 миллиард доллар акча сарпталчу «Камбарата – 1» электр станциясын курууга орусиялык, казакстандык жана да айрым чет өлкөлүк компаниялар кызыкдар. Аны Кыргызстандын энергетика, өнөр жай, отунсуу ресурстары министринин орунбасары Акылбек Түмөнбаев да ырастады.

- Катышууга Орусиядан тышкары деле башка өлкөлөр кызыкдарлыгын билдирүүдө. Кызыгып жатышат, келип көрүп жатышат. Бирок курулуштун негизи орусиялык жабдууларга ылайыкталган. «Камбарата – 2» ГЭСинин 40% бүтүп калган. Баары техника-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин дайынга чыгат. Бул жерде ачык иш болууда. Курулушка катышкысы келген Өзбекстан, Казакстан, Оруcия биргелешип ишкана түзүшсө деле болот. Анткени бул жерде суу маселеси чечилип жатат.

Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүнүн сегиз айлык ишинин дурус натыйжасы катары канадалык «Камеко» корпорациясы, «Центерра Голд» компаниясы менен түзгөн келишими болду окшойт. Сүйлөшүүлөр оор өткөнүн А.Атамбаевдин өзүнүн мурдагы парламент депутаттарынын алдында жашырбай ачык айткан жайы бар.

- Сүйлөшүүлөр абдан оор өткөн. «Камеко» менен «Центерранын» өкүлдөрү туруп кетишкен учурлары да болду. Келбейбиз дешти. Соттошобуз дешти. Сот жагын деле карадык. Эксперттер менен сүйлөштүк. Сотко барганда Кыргызстан бир нече жыл соттошот. Мына, “Оксус” менен 2 жылдан бери соттошуп жатабыз. А булар менен канча жыл соттошобуз? Ага чейин “Кумтөр” эмне болот? Кыргызстан эмне болот? Көрүп турасыңар, Кыргызстанда нефть же газ жок, ушул алтын кендери бар. Анын ичинде ошол эле “Кумтөр” Кыргызстанга иштебей, Кыргызстанды жеп аткан, ичип аткан чоңдоруна иштечү. Эми жок дегенде азыр буруп жатабыз да. Чогуу буруп жатабыз. Ошол эле акчаларды, уурдалган акчаларды. Анан жеке компаниялардын кожоюндарынын 32 миллион акциясын беришин оңой деп ойлобогула. Ичинен кан өтүп, ыйлап жатып бизге беришти да. Анын үстүнө билесиңер, мурунку өкмөт 6,5 миллион акцияга макул болгон. Күнү-түнү иштеп жатып биз 5 эсеге көбөйттүк, абдан оор болуп жатты да.

Мурдагы парламент мунаса келишимди узакка талкуулап, ал тууралуу комитет корутундусу жоктугунан токтом кабыл алган эмес. 31-августтагы мунаса келишим боюнча “Камеко” корпорациясынан 410 миллион долларлык 32,3 миллион акциясы өкмөткө өтүп, Кыргызстандын “Центерра Голд” компаниясындагы акциялары 30,6% көбөйөт. Эгер акциянын баасы көтөрүлсө бул 1 милилард ашуун доллар акчаны түзөт, мындан сырткары алдыдагы үч жылда салыктар менен төлөмдөрдөн өлкөгө 160 миллион доллар акча түшүп турары айтылууда.

Маалымат катары айтчу кеп, 1997-жылдан 2007-жылга чейин “Кумтөрдөн” 181,5 тонна алтын казылып алынган. Анын базар баасы 1 миллиард 847 миллион 700 миң долларды түзөт. Кыргызстанга түшкөн акча 186 миллион доллар. Агылган алтын акчанын бир бөлүгүн Кыргызстан тарапка буруу аракети ошентип мурдагы парламент каршылыгынан улам арасат калып, асылып келди. Мунаса келишимди жаңы парламент жаңы жылга чейин жактырып, эмдиги жыл бюджетин маалынан кечиктирбей кабыл алып берсе өкмөт эмдиги жылы экономика ыкчам өнүгөрүн айтып, антишке жетиштүү шарттар түзүлүп калганын ырастоого өтөт. А быйылкы жылга белгиленгендерди инфляция басып кетти.

XS
SM
MD
LG