Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

АЛЦХАЙМЕР МЕНЕН ООРУГАНДАР МУЗЫКАНЫ СҮЙҮШӨТ


Алцхаймер оорусуна туш келип, кейбир болгондор музыкага дилгир келишет. Кейбир болгондорду баккандардын айтымында, өтө оор абалдагы оорулар да сүйүктүү ыр-күүлөрдү укканда эс-акылына келе түшүшөт.

Дементияга чалдыккандар же кейбир болгондордун эс тутуусу өтө начарлап, эки сөздүн башын бириктирип сүйлөп, ойлорун токтото албай калышат. Бирок айрым изилдөөлөр бул оорулар оорусу улам күч алып жатса да, музыканы укканда эсине келе түшөөрүн көрсөтүүдө.

2006-жылдагы британиялык бир изилдөөгө ылайык, Вивалдинин "Жылдын төрт мезгили" аттуу консертосунун "Жаз" деген бөлүмүн укканда дементияга алып келүүчү алцхаймер оорусунан жапа тарткандар аны укпагандарга караганда, өз өмүрүн жакшыраак эстешээрин аныктаган.

Андан мурда Дублинде окумуштуулардын башка тобу да Вивалдинин "Төрт мезгилин" укканда Алцхаймер менен ооругандар эстөө тестин жакшы тапшыраарын айтып чыгышкан. Дагы башка изилдөөлөрдөн оорулуулар үчүн үн тасмада же дискте жаздырылган музыкага караганда, аны аткаруучулардан түз укканда музыка жагымдуу таасир тийгизээри белгилүү болгон.

Изилдөөчүлөрдүн болжолунда, кейбир болгондордо мээнин башка бөлүктөрү жапа тартканы менен ритм жана тембр өңдөнгөн музыканын элементтерин кабылдоочу бөлүмдөргө көп кесепет тийбейт.

Музыка алцхаймер мээге келтирген залаканын кесепеттерин жое албайт, бирок окумуштуулар ал оорулуулардын турмуш сапаты жакшырат деп эсептешет. Ошондуктан Алххаймер ассоциациясы бул ооруларды баккандарга алар жаш кезинде сүйгөн ыр-күүлөрдү коюп берүүгө кеңеш кылышат.

Канадалык аалымдар маалымдагандай, 2005те алцхаймердин оор формасы менен ооруган 84 жаштагы аял эрежелерди түшүнүп, эстеп кала албаганы менен жаш кезинде сүйгөн ырларды баштан аяк ырдай алган. Ал ырда ката кетсе, башын чайкап, билип тураары байкалган.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG