Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

БИЙЛИК КАЙДА БАРАТ? УЗАККАБЫ ЖЕ ТУЗАККАБЫ?


Курманбек Бакиев жаңы жыл алдында кезинде А.Акаевдин да түшүнө кирбеген бийликти белек кылып алды. Мунун мисалы катары өткөн референдумду жана кечеги келген чөнтөк парламентти атоого болот. Эми мына ушул окуяларды жумгактап келип, келечек кандай өңүттө өнүгөрүн болжосо болот деп жазган “Белый пароход” гезити 1-ден бийликте күч колдонгондон бөлөк ресурстар түгөнүп бүткөнүн, өзүнүн алсыз экендигин жаап-жашыргысы келген бийлик өлкөдө тартип менен туруктуулукту сактоо керек деген шылтоо менен дайыма ушундай түркөй жолго түшөрүн, 2-ден мамлекет башчысынын пенсия, пособие жана айлык маяналарды көбөйтөм дегени кагаз жүзүндөгү гана сөз экенин, аны жүзөгө ашыруу үчүн оңбогондой чоң суммадагы акча керектигин, ал акчаны кайсыл чуңкурдан табары азырынча табышмак бойдон калып жатканын, 3-дөн ошентип А.Акаев 15 жыл бою эңсеген нерсеге К.Бакиев менен анын командасы буюрса жеткенин, ушундан баштап бардык кыбыр эткендин баары Бакиевдин айткан-дегени менен жүрөрүн, Бакиев өлкөнү кандай башкарам десе өз эрки экендигин, бирок бир опуртал жагы, бүтүндөй жоопкерчилик эми жалгыз Бакиевдин өзүнө гана жүктөлөрүн, эми ал буга чейинкидей “мага иштегенге мүмкүндүк бербей жатат” деп ал жыгыла турган алдында да, артында эчким жоктугун, ал эми оппозициянын эң эле туруктуу деген өкүлдөрүн же эмиграция же жоомарт убадалар күтөрүн баяндап, бирок мына ушундайлардын баары Бакиевдин жеке өзүнө керек беле, ал мына ушул өзү тарттырган тузакка айланып келип өзү түшүп калбайбы, эми аны мезгил көрсөтөт деп баяндады. Гезит жана бир макаласында Кыргызстан ар дайым кадр маселесинен аксап келатканын, бир карасаң бийлик ар дайым кызматка коюу үчүн ач көз, түркөй адамдарды издеп жүргөнсүп сезилерин, чынында эле азыркы системага абийри таза, акылдуу адамдардын кереги жоктугун, мамык үстөлдөрдө жагымпоздор менен жалаачылдар эле эмес кадимки эле ууру-кескилер олтурганын көрөсүң деп жазды.

“Агым” гезити “Ак жол” партиясы ичинен топ-топко, клан-кланга бөлүнө баштаганын, бир тарабын “Моя страна” партиясынын лидерлери Галина Куликова, Зайнидин Курманов, Орзубек Назаров өңдүүлөр чоюп жатканын, Саламаттык сактоо министри болом деген ой менен депутаттыктан баш тарткан Сабыр Жумабековго министрлик папке буюрбай калганы жатканын, Сабыр мырза Бишкектин мэри Данияр Үсөновдун тилине кирем деп же депутаттыктан жок же министрликтен жок таарыныа турганын, кечээ бийликке бийлеп бергендер бүгүн минтип сыртка ыргытылып жатканын, ошол эле учурда экс-депутат, кезинде Акаевдин балдызынын этегине эрмешип жүрүп бизнесин түптөгөн, жакындан бери Бакиевдин кеңшчиси болуп иштеп аткан Садыр Жапаровдун жаңы жылдан кийин Ысык-Көл облусунун губернаторлугуна талапкерлиги караларын, ал эми көлдүн азыркы губернатору Кыдыкбек Исаевдин тагдыры жарга илинип калган имиш деп кабарлады.

Ушул эле гезит дагы бир макаласында мындай деп кеп салды. Кыргызстан алеки саатта адам укугу тепселген өлкөгө айланып калды. Учурда коом козголуу мезгилин тандай албаса да, 2005-жылдын март айынан берки анча-мынча ишеничин биротоло өчүрүп алды. Жаңы жылдан тартып газ баасынын жогорулашы, шаар ичиндеги жолкиренин 5 сомдон 10 сомго көтөрүлүшү Кыргызстанда жашоонун татаалдашып баратканын ырастайт. Экспорту 700 миллион доллар, импорту - 1 миллиард 700 миллион доллардан ашкан, төлөм балансынын тартыштыгы 1 миллиард долларды түзгөн кыргыз экономикасынын араңжан абалы жакынкы аралыкта турмуш-тиричиликтин оң жолго бурулбай тургандыгын айгинелеп туру деп баяндады гезит кабарчысы Манас Осмон. Кыргызстан алсыз өлкө катары дайыма өзүнөн кудуреттүү коңшулардын курчоосунда калып келген. Жаңы келген парламент деле мына ошол коңшу өлкөлөрдүн айла-амалына жараша бийлей турган парламент болот деген пикирлер бар. Анткени жаңы парламент-казактарды кызыктырган Каркыра жайлоосунун, казак президенти козгоп келген Ысык-Көлдөгү пансионаттар, жер алдындагы кендер менен жер үстүндөгү жер байлыктарын менчикке берүү тагдырын чечет. Арийне кандай болгон күндө да кыргыз парламенти бир эле кишинин көрсөтмөсү менен өлкө тадырын өзгөртүү үчүн түзүлдү дейт макала автору.

Гезит мындан тышкары “Саясый кырдаал мындан ары кандай өнүгөт деп ойлойсуз?” деп сурамжылоо салганда коомдук ишмер Накен Касиев, соттор Кыргызстанда президентке күнкарама экендигин, шайлоодо 15-20 оппозциялык маанайдагы депутаттар парламентке келсе деле эчтеке чечмек эместигин, бирок сын болгон жерде иш болмогун, бийликтин бул кадамынан кийин өлкөдө туруктуу абал болбой калганын айтса, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов, мындан аркы окуялар үч тараптын тирешүүсү менен өтөрүн, 1-тарап добушун уурдаткан эл, 2-тарап зордук-зомбулкка алган бийлик, 3-тарап чындык деп чыркыраган оппозиция десе, Би-Би-Си дүйнөлүк кызматынын кабарчысы И.Нуракун уулу, нааразылык акциялары бүтпөстүгүн, бийлик тарабынан өлкөнү өнүктүрүүгө салымын кошуучу оппозиция лидерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөсө жакынкы 6 айда Кыргызстанда стабилдүүлүк болбостугун айтты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG