Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

10:59 Президент социал демократтар менен коммунисттердин пикирлерин эске алууга «Ак жолду» милдеттендирди


Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев кечээ парламенттик азчылыкты түзгөн эки партиянын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Ошондой эле президент Социал-демократтар менен Коммунисттерди конструктивдүү кызматташтыкка чакырды. Социал-демократтар менен жолугушууда фракция төрагасы Бакыт Бешимов айрым маселелер боюнча талаш-тартышка барышаарын, бирок, бул мамлекетти алсыратуу максатын көздөбөй тургандыгын билдирди. Коммунисттер фракциясынын төрагасы Искак Масалиев өз сөзүндө Коммунисттер стабилдүүлүк жана өнүгүү үчүн иштерин белгиледи. Парламенттеги азчылык менен жолугушууда президент ошондой эле жаңы өкмөт курамын саясаттан оолагыраак түзүү аракети болорун белгиледи. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG