Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:16

13:20 Оппозиция «Акыйкат үчүн» деген жаңы кыймыл түздү


Бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү биригүү жолдорун талкуулаган кечээки жыйындын натыйжасында бүгүн ушундай кыймыл түзүүнү чечишти. Азырынча ага 8 саясий партия, 10 коомдук уюм кирди. Алардын арасында «Ата Мекен», «Ар намыс» «Асаба», «Таза коом» «Жашылдар» сыяктуу партиялар бар. Учурда уюштуруу комитети түзүлүп, кыймылдын иш-аракеттерин талкуулоодо. Кыймылдын уюштуруучуларынын бири Темир Сариевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кыймыл жакында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана акыйкат, калыс шайлоо өткөрүү максатын көздөйт. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG