Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров маалымат жыйынында «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып билдирди. Төраганын айтымында, бардык маселелер, анын ичинде митинг, пикет, жөө жүрүш өткөрүүнүн жол-жоболору да ошол мыйзамдолбоорунда камтылган. Адахан Мадумаров бүгүн Жогорку Кеңештин ишинин башталышы тууралуу маалымат берди. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Мадумаров ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратында кыскартуулар болорун белгиледи. (BuS)