Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

ОППОЗИЦИЯ АМБИЦИЯСЫН ТОКТОТУП, БИРИГҮҮ ЖОЛУНА ТҮШҮҮДӨ


24-декабрда биригүүнү көздөп жаткан оппозициялык күчтөрдүн тегерек үстөл жыйыны болуп өтпөдүбү. Ошол жыйында жаңы Конституция кабыл алуу боюнча 300 миң кол топтоо, анан кайра шайлоо өткөрүү жана коомдук парламент түзүү сунуштары айтылды. Бул маселени ишке ашыруу канчалык реалдуу? Мына ушул суроонун айланасында Эл аралык өнүгүү жана саясат боюнча агенттигинин президенти Аликбек Жекшенкуловду “Азаттык” кепке чакырган эле.

- Бул жерде жалаң эле оппозиция эмес, бул жалпы коомчулуктун жарандары, Кыргызстандын келечеги демократия жолунан кайтпасын деген ортодо турган кишилер да катышты. Экинчиден, Конституция, шайлоонун жыйынтыктары, референдум боюнча сөз болду. Менин оюмча бул биринчи этап - жалпы пикирге келип чогуу иш кылыш керек дегендей.

- Ушул шайлоо болуп көрбөгөндөй бурмалоо менен өттү деп оппозициялык маанайдагы саясатчылар тарабынан айтылып атпайбы, ушуга байланыштуу президентке импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлбөйбү?

- Оппозициялык күчтөрдө ошондой дагы ойлор бар экен, биз кечээ байкап калдык. Бирок азырынча ачыкка чыгалек.

- Коомчулукта оппозиция бириге албайт деген пикир жайылган. Анткени, баары эле президент, премьер-министр болгусу келет деген пикирлер бар. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

- Мурда ошондой болчу. Бирок парламенттик шайлоодон кийин менин оюмча оппозиция өзүнүн абалын түшүнүп калды. Ошон үчүн жанагыдай конференцияларды, тегерек үстөлдөрдү чакырып кеңешели, жалаң эле оппозиция эмес, жалпы демократиялык күчтөр менен ортодо турган саясий коомдук ишмерлер менен да кеңешели деп чакырыптыр кечээ бизди. Мен кечээ ачык айттым, оппозициянын лидерлерине амбицияңарды коюп, чогуу кыргыз элинин, мамлекеттин келечегин ойлогула, демократиядан авторитардык режимге кайтууга жол бербеш керек деген ой-пикиримди.

- Айрым талдоочулар айтып атат, жаңы жылдан кийин оппозицияга бийлик кысымын күчөтөт деген божомолдорду. Чындыгында эле ушул бийлик ар кандай чагымчыл аракеттерге өтүшү мүмкүнбү?

- Азыр көрүп атасыңар жанагыдай жаштарды, өзүнүн пикирин билдиргендерди эле камаганга чейин алып барды. Азыр баарын күтсө болот.

- Бизде оппозиция десе эле тап душманы катары мамиле кылып атышпайбы. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй оппозиция болуш үчүн эмне кылуу керек деген суроо туулат?

- Биринчиден Кыргызстандын келечегин ойлоп кыргыз элинин турмушун кандай оңдойбуз деген идея, программалар болуш керек, жалаң эле портфель, бийликти ойлобой.

- Кечээки жыйында оппозициялык күчтөрдүн кандайдыр бир программасы, алдыдагы идеялары бар бекен, ушуну байкадыңызбы?

- Идеялары азыр бышып атат менин оюмча. Азыр тегерек үстөл сыяктуу болуп өтпөдүбү. Ар бир партия, НПОлор, коомдук ишмерлер өзүнүн ойлорун, сунуштарын айтты. Мындан ары дагы иш улантыла бермекчи.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG