Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

Оппозициядагы бир катар партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жаңы саясий кыймылга баш кошуп, аны «Акыйкат үчүн» деп аташты. Жаңы кыймылга сегиз саясий партия, 10 коомдук уюм кирди. Алардын арасында «Ата Мекен», «Ар намыс» «Асаба», «Таза коом» «Жашылдар», «Эл ынтымагы» сыяктуу партиялар, «Таза табият», «Кылым жолу», «Интербилим» сыяктуу коомдук уюмдар бар. Учурда уюштуруу комитети түзүлүп, кыймылдын иш-аракеттерин талкуулоодо. Экс-депутат Темир Сариевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кыймыл жакында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт жана акыйкат, калыс шайлоо өткөрүү максатын көздөйт.

- Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар, коомдук ишмерлер биригүүнүн кандайдыр бир жолун издешти. Албетте, ар кимиси өз алдынча чыгып айта берсе болмок. Бирок бүгүн биригүү зарыл болуп турат. Ошондон улам «Акыйкат үчүн» деген кыймылга биригип жатабыз. Негизги максат – парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо жана мыйзам чегинде, акыйкат шайлоо өткөрүү,-деп билдирди Темир Сариев.

24-декабрда кыймылдын уюшутуруу комитети түзүлүп, анын жетекчилигине мурдагы тышкы иштер министри, эл аралык өнүгүү жана саясат агенттигинин президенти Аликбек Жекшенкулов шайланды. Аликбек Жекшенкулов кыймылды оппозициялык деп айтуу туура эместигин айтып, анын негизги максаттарына мындайча токтолду:

- Кыймылга жалаң эле оппозициялык күчтөр эмес, конструктивдүү нейтралдуу күчтөр да кирди. Биздин максат бийликке каршы туруу эмес, Кыргызстандын демократия жолунан тайбай, түз кетүү маселеси. Бул жалпы элдин башын бириктире турган, калыс кыймыл болсо деген ойдобуз.

«Таза коом» партиясынын лидерлеринин бири Табылды Акеров партиянын кыймылга кошулуусуна жакындагы парламенттик шайлоонун ыплас өтүшү себеп болгонун айтат:

- Шайлоо ыплас жол менен, бурмалоолор менен өткөнүн баарыбыз көрдүк. Шайлоону мындай өткөрүү туура эмес, ошондон улам биз жаңы кыймыл түзүүнү туура деп таап жатабыз. Биз демократияны жана жарандардын эркиндиктерин коргоо максатында жана жаңы шайланган парламентти легитимсиз деп табуу негизинде ушул кыймылга биригип жатабыз.

Кыймылга кирген партия жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган уюштуруу комитети эми ушул бейшембиге белгиленген экинчи отурумда кыймлыдын мындан аркы аракеттерин, кандай иш-чараларды өткөрөөрүн талкуулашмакчы.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG