Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

17:56 “Сентябрь” телеканалынын түштүк бөлүмүндөгү деректири милицияда сурак берди


Сузак райондук сот аткаруучулар кызматынын жетекчиси Тилек Батырбеков ички иштер бөлүмүнөн сыналгынын деректири Асылбек Текебаевди жазага тартууну өтүнгөн. Доогер жана тергөө бөлүм башчысынын айтымында сот аткаруучу менен тартип сакчылары райондор аралык соттун телеканалдын ишин токтотуу жөнүндөгү аныктамасын аткарууга барганда телеканал башчысы асманга ок атып, аларды коркутуп-үркүткөн. Асылбек Текебаев мындай айыптоолорду четке кагып, сурак жети саат жана дем алышсыз жүргөндүгүн, бүрсүгүнү сурак кайра уланарын билдирди. Ал 5-декабрда сот аткаруучулар менен милицияга телеканалды жабуу жөнүндөгү токтом чыккан күндө да аны жокко чыгарууга укугу бар экендигин түшүндүргөн. Телеканалдын жактоочулары бийликтин кемчилигин сындаган сыналгынын жетекчиси саясий ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жаткандыгын билдирип жатышат. (YA)

XS
SM
MD
LG