Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

17:58 Таласта акыркы эки жумада облустук телеберүү үч ирет чыкпай калды


18, 22 жана бүгүн 25-декабрь күндөрү облустук телеберүү эфирге чыкпай калды. Анын себебин республикалык улуттук телерадио корпорациясынын кызматкери Рахат Сулайманов телерадио берүүлөрдү эфирге чыгаруу агенттигине Талас облустук телерадио компаниясы 840 миң сом карыз болуп калгандыктан дейт. Анын айтымында эфирге чыгаруу агенттигинин кызматкерлери улуттук телерадио корпорациясынан маселе чечилмейинче Таластагы эфирди токтотуп турууну суранышкан. Сулайманов аталган маселени жетекчилер менен чечүү аракетин кылып жаткандарын айтып, эгер маселе чечилбесе 2008-жылга аталган агенттик менен келишим түзүү кыйын болуп калаарын билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG