Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

10:31 «Кыргызстан – Санта Клаус өлкөсү» брендин өркүндөтүү максатында өкмөт уюштуруу комитет түздү


Комитетке мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, облусттук мамлекеттик администрация башчылары, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери киришти. Комиететти вице-премьер-министр жетектемей болду. 30-декабрда туризм боюнча мамлекеттик агенттик, маданият министрилиги жана Бишкек мэриясына борбор калаада «Санта Клаустун» майрамдык саякатын символдоштурган акцияны уюштуруу милдеттендирилди. 1-январда ушундай эле иш-чаралар жер-жерлерде өткөрүлмөкчү. Келерки жылы Кыргызстанда Санта Клаустардын эл аралык жыйынын, балатыларды кооздоо жана белектерди жеткирүү боюнча чемпионатты өткөрүү да пландалууда деп кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы. Буга чейин финляндиялык СВЕКО фирмасынын Швециядагы эксперттери эгерде Санта Клаус Кыргызстанда жашаса, дүйнөдөгү бардык балдарга бир убакытта белек жеткирүүгө жетишээр эле деп жоромол кылышкан. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG