Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

АТАСЫНАН БАЛАСЫ КЫЙЫН ЧЫГЫШЫНЫН СЕБЕБИ АНЫКТАЛДЫ


Бакма балыктардын айынан жапайы балыктар кырылып жаткандыгы эмнеден? Мындан 10 миң жыл мурда европалыктар түгөл кой көз, кара-тору болгонбу? Ал чын болсо, адам баласынын генетикасы канчалык тез өзгөрөт?

Кызыл балыктын жапайы түрү деңиз, мухитте эркин жашашат, колго багылган түрү деңиз сууларда тор тосмо менен чектелген бассейндерде өстүрүлөт. Мына ушул колго өстүрүлгөн кызыл балыктан жапайы балыктар котур кылчу деңиз битин жуктуруп алышууда. Натыйжада Канада, Норвегия, Ирландия жана Шотландиянын жээктеринде жапайы кызыл балык жаш чагынан кырылып калууда. "Сайенс" же "Илим" журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, Канаданын Британ Колумбиясындагы Брафтон архипелагында жапайы кызыл балыктын 80 пайызы жок болуп кетти. Изилдөөнүн авторлорунун бири Мартин Кркошек. Анын айтымында, бул аймакта кызыл балык такыр калбай калышы күтүлөт.

Жапайы балык бүт кырылып калса, жасалма жол менен аларды өстүрсө болот. Бирок аталган изилдөөнүн дагы бир автору жана Британиялык Колумбия провинциясынын Кызыл балык жээк бекетинин директору Александра Мортон жапайы балык жоголсо, деңиз жаныбарларынын башка түрлөрү да жок болуу коркунучуна туш келээрин эскертет:

– Кызыл балык ачык мухиттеги азыктардын басымдуу бөлүгүн камсыз кылат, дениз жээгиндеги жаратылыш ошолордун эсебинен кармалып турат. Аларды кызыл балыктын чоң түрлөрү менен кит, же дөө балыктан тышкары, деңиз жээгинде жашаган аю, карышкыр, бүркүттөр жеп, жан сакташат. Ошону менен Британиялык Колумбияда эле 1 жарым миллард доллардык жапайы туризм тармагына шарт түзөт. Эгер кызыл балык жок болуп кетсе, жандыктардын башка түрлөрүнүн кырыла башташына түрткү болот.

Былтыр аталган журнал деңиз жандыктары азыркы темпте кырылып отурса, 2048-жылга чейин жапайы балык жана башка деңиз жандыктары жок болуп кетээрин эскерткен.

Айтылуу олуя Калыгул "атасынан баласы кыйын чыгаар" деп айтып кетпеди беле. Мына эми илим да убакыт өткөн сайын адам баласынын эволюциясы улам тездеп бараткандыгын бышыктады. 269 кишинин генетикалык маалыматын изилдегенден кийин америкалык антропологдор адам гендеринин кеминде 7 пайызы кийинки мезгилде эволюцияга дуушар болгондугун аныкташты. Бирок чочубаңыз, кийинки мезгил деген мында акыркы 10 миң жылды камтыйт.

Ал кайсы өзгөрүүлөр дээрсиз? Түндүк Европада адамдар ак жуумал, көздөрү көк, чачтары сары келет. Бирок мындан 10 миң жыл илгери алардын эч кимисинин көзү көк болгон эмес. Окумуштуулардын ишениминде, түндүк мейкиндиктерде теринин ак болушу адамдарга Д витаминин иштеп чыгуучу күн нурун көбүрөөк сиңирип алуу үчүн зарыл болгон. Ошондуктан, бара-бара алардын сырткы келбети өзгөрүп кеткен.

Дагы бир эволюциялык ыңгайлашуу деп Европада чоң кишилердин арасында айрымдардын сүт азыктарын кабылдабай калышын атаса болот. Кытайлар менен африкалыктардын арасында сүттөгү лактозаны сиңире албагандар көп кездешет, бирок европалыктар сүттөн ар кыл азык-түлүктөрдү жасап жешет. Уй, кой, эчкини колго үйрөткөндөн кийин, эмчектеги балдар гана эмес, чоң адамдар да сүт иче башташкан, мына ошол тапта генетикасында өзгөрүү болуп, сүттү сиңире ала тургандар калгандарынан артыкчылыкка ээ болушкан.

Ошондой эле Африкада айрым адамдар безгек оорусуна чыдамкай болуп калышкан, бирок мындай чыдамкайлык европалыктардын же азиялыктардын арасында жок, себеби безгек Европа, Азияда дээрлик кездешпейт.

Ал эми келечекте кандай эволюциялык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Америкалык Висконсин университетинин окумуштуусу Жонн Хокстун "Дейли Телеграф" басылмасына билдиришинче, адам баласы улгайган жашта балалуу болгондон кыйын чыгышы мүмкүн. 50 миң жыл мурда аз гана адамдар 40 жылдан ашык жашаган. Хокстун болжолунда, жашы өткөн сайын тукум улантууга "бут тоскон" гендерге болгон кысым кийинки кездери улам күч алып жатат.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG