Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

14:32 Премьер-министр парламентке өкмөттүн азыркы түзүмүн бекитип берүүнү сунуштады


Мындай сунушун өкмөт башчы Игорь Чудинов өкмөттүн жаңы түзүмүнө байланышкан маселени караган Жогорку Кеңештин конституциялык түзүлүш боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди. Өкмөт башчы өнөр жайды өнүктүрүү маселеси курч турганын жана жазгы талаа иштери менен алектенүү зарылдыгын айтып, ушундай шартта азыркы түзүмдү натыйжалуу деп эсептээрин билдирди. Өкмөттүн азыркы түзүмү Жогорку Кеңештин буга чейинки, үчүнчү чакырылышы тарабынан быйыл 6-февралда бекитилген. Ал премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министр, өкмөт аппаратынын башчысынан жана 14 министрлик, 5 мамлекеттик комитет, 11 мамлекеттик агенттиктен турат.(SM)

XS
SM
MD
LG