Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:04

16:18 Сот үч шайлоо түйүнүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча арызды четке какты


«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Бишкек шарындагы № 1151, 1171 жана 1130-шайлоо түйүндөрүндөгү добуш берүүнүн жыйынытыктарын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган эле. Бейөкмөт уюм муну аталган жерлерде шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонуна негиздеген. Бүгүн бул ишти караган Биринчи май райондук соту арызда БШКнын бүтүмү жок деген негизде четке какты. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунова учурунда шаардык жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылганын. Бирок алар арызды кабыл албай койгонун билдирүүдө. Анын айтымында райондук сот «Интербилим» уюумунун мындай арызын да ушундай негизде четке каккан. Бул эки уюм эми Жогорку сотко кайрылмакчы.(SM)

XS
SM
MD
LG