Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН АРЫЗДАРЫН КАРОО УБАКТЫЛУУ ТОКТОДУ


Бишкек шаардык сотундагы «Мен ишенбейм!» акциясынын 16 катышуучусунун айланасындагы соттук териштирүүлөр качан аягына чыгаары бейдарек калууда. Үч күндөн бери өтүп жаткан соттук териштирүүлөрдүн бүгүнкү отурумунда сот алты арызды кийин кароону чечти. Муну Бишкек шаардык кеңештин нааразылык акцияларды иретке келтирүү токтомун жокко чыгаруу арыздарын райондор аралык сот карай электиги менен түшүндүрдү. Калгандарына да ушундай чечим чыгаары күтүлүүдө.

Сот отуруму башталаар алдында административдик жазага тартылган жарандар жана алардын таламын талашкан укук коргоочулар Кыргызстандын гимнин аткарышты. Соңунан адвокаттар акция катышуучуларын айыпка жыккан Биринчи май райондук милиция өкүлдөрүнүн келишин камсыздоону соттон сурашты. Милиция катышпай башталган сот бүгүн алгачкы алты арызды кароону убактылуу токтотту. Буга укук коргоочулар Азиза Абдырасулова менен Максим Кулешовдун нааразылык акцияларын иретке келтирүү жөнүндөгү Бишкек шаар кеңешинин токтомун жокко чыгарууну сурап райондор аралык сотко кайрылуусу себеп болду. Анткени, он алты жаран 18-декабрда дал ушул токтомду бузду деп камалып, жоопко тартылышкан.

Биринчи май райондук соту милициянын арызынын негизинде шектүү адамдарды убактылуу кармоочу жайда көчмө отурум өткөрүп, камакка алынган «Мен ишенбейм» акциясынын катышуучуларынын алтоону жети күнгө, бешөөнү беш күнгө камакка кесип, төртөөнө айып пул салып, бирөөнө эскертүү берген. Камакка кесилгендерди милиция эки күндөн кийин убактылуу бошотуп, муну даттанууга мүмкүнчүлүк берүү себеби менен негиздеген.

Бошонгон акция катышуучулары Бишкек шаар сотуна арыз берип, анда жаза тарткандарды аппеляциялык арыз бергенге чейин камоого милициянын укугу жок болчу, нааразылык акцияларына катышууга атуулдардын Конституциялык укугун Бишкек шаары өз токтому менен жокко чыгара албайт деген дооматтарын келтиришти. Бирок, соттук териштирүүлөр мыйзамды так сактоо менен чечилерине ириде адвокаттар ишенишкен жери жок. Алардын бири Сартбай Жайчибеков муну соттун илең-салаң мамилеси менен байланыштырды:

- Соттун аягы жок. Соттор каалаганда иш баштайт, каалаганда бүтүрөт. Мына бүгүн эле эки-үч сааттан бери зарыгып отурабыз.

Сартбай Жайчибеков биринчи кезекте бийлик өкүлдөрү өз милдеттерин аткарууда жоопкерчиликти сезбей жатышат деп сындады. Мунун далили катары адвокат акция катышуучуларын кармоо, камоо, айып тагуу, сотко өткөрүү, соттоо жараяндарындагы өкүмзордук мамилелерди келтирди. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициянын башчысы Динара Ошуракунова мындай жагдай уланып жүрүп отурса чыр-чатактар келип чыгышы мүмкүн деп болжойт:

- Бизде чоң кризис бар. Сот, тартип коргоо тармактарында, бийликте кризис болуп атканы мыйзам иштебей калды. Муну оңдобосо жүрүп отуруп чоң чыр-чатакка алып келет.

Биринчи май райондук милиция болсо укук коргоочулардын акыркы дооматтарына өз көз карашын билдире элек. 18-декабрдагы операцияны жетектеген райондук милиция башчысынын орун басары Талант Шатмановдун ошол кезде билдиргенине караганда, шаар мыйзамын бузгандарды кармап, камаганга тартип коргоо кызматынын толук укугу бар.

Бул аралыкта Бишкек шаар кеңешинин 30-ноябрда чыгарган токтомун жокко чыгарууну сурап укук коргоочулар Максим Кулешов менен Азиза Абдырасуловадан тышкары райондор аралык сотко «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы», ал эми Конституциялык сотко акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу кайрылып жаткандыгы маалымдалды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG