Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

7:55 Жыпаргүл Арыковага байланыштуу сот жараяны жаңы жылдан кийин улантылат


Бул тууралуу Жыпаргүл Арыкова менен байланышы бар делип айыпталып жаткан Кытай Эл республикасынын атуулу Исмаил Үсөктүн жактоочусу Айжан Касымалиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук комитетинин мамлекеттик жашыруун сыр делген документтери качалык жашыруун экенин тактоо үчүн кайрадан экспертизадан өткөрүүнү айыпталуучулардын жактоочулары өтүнүшкөн. “Буга байланыштуу Адилет министрлигинин эксперттери документтерди кайрадан иликтеп чыккандан кийин, сот бир жарым айдан кийин улантылат”,- дейт Касымалиева. Парламенттин басма сөз кызматынын кызматкери Жыпаргүл Арыкова мамлекетке чыккынчылык кылган делип шектелип, коопсуздук кызматы тарабынан 19-июнда кармалып, аталган комитеттин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. (AJ)

XS
SM
MD
LG