Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:49

”Алкаидачыларга” каршы күрөшкө активдүү катышып жатканы үчүн сүннүлөрдү колдоо жана сыйлоо керек, деп билдирди кечээ Багдадда америкалык командачылыктын өкүлү. Болбосо коопсуздукту камсыз кылуу жагынан соңку айларда жетишилген ийгиликтер колдон чыгып кетиши мүмкүн. Андан бир күн мурун Байжи шаарында жана Дияла провинциясында жарылган бомбадан баары болуп отуз беш киши мерт болгон эле.

Бажиде козголоңчулар америкалыктарга кошулуп кеткен сүннү полициясына “арнап”, атайын дүрмөттөлгөн машина жөнөтүшкөн экен. Бирок аны мамлекеттик мунай компаниясы жайгашкан жерде тосуп, артка кайтарууга аракет кылганда рулда отурган жанкечти автомашина менен турак жай имаратын качыра сүзүп барып жардырып жиберген. Мерт кеткен отуш беш адамдын, жарадар болгон сексендей кишинин дээрлик көбү жергиликтүү тургундар дешет.

Ирактын ички иштер министрлигинин өкүлү Абд Халаф бул иш үчүн жергиликтүү коопсуздук кызматын, анын ишин сынга алды. Министрдин жеке буйругу менен шаардык полициянын башчысы жумушунан алынды. Турак жайды күзөтүү милдети тапшырылган бөлүктүн иши териштирилип жатат. Кызматтык милдетине кайдыгер мамиле кылгандар жазаланат, деп билдирди “Азаттыкка” министрликтин өкүлү.

Буга катарлаш Дияла провинциясында дагы бир жанкечти таажияга чогулган элдин арасында бомбасына жарынып, өзүнө кошо он адамды ала жатты, беш киши жарадар болду.

Акыркы эки аптадан бери Иракта бүлүк-бүлгүн сээлдеп каалган эле. Америкалык командачылыктын өкүлдөрү да кооп-козголоң жалпы өлкөдө басаңдап баратканын айтышкан. Бирок Бажидеги жана Дияладагы эки окуя козголоңчулар коалициялык контингент менен активдүү кызматташа баштаган сүннүлөрдү кайрадан бутага ала баштаганын көрсөттү.

Сүннүлөр “алкаидачыларга” каршы күрөштө сүйөнүч-таянычка муктаж,аларга активдүү колдоо көрсөтүлбөсө,анда коопсуздукту камсыз кылуу ишинде соңку кездерде жасалган иш-аракеттер текке кетет, деп билдирди америкалык командачылыктын өкүлү.
XS
SM
MD
LG